03:35 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Оператор. Архив

Кыргызстанда режиссерлорго даректүү тасма тартууну үйрөтүшөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
7910

Демилгенин авторлору кыргыз коомунда даректүү тасмалардын ролу абдан чоң жана бул жанрды өнүктүрүү зарыл деген ойдо.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. "Азиянын чыгармачыл айымдары" фонду даректүү тасмаларды окутуу боюнча үч айлык режиссердук курс ачууда. Бул туурасында кинематографты өнүктүрүү фондусу билдирди.

Маалыматта режиссердук курстун максаты — кыргыз элине даректүү тасмалардын актуалдуулугун жеткирүү жана кино тармагында даректүү тасмалардын ордун даңазалоо экендиги айтылат.

Окуулар апрель айынан башталып, ал Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулууда.

"Коомубузда даректүү тасмалардын ролу абдан чоң жана аны өнүктүрүшүбүз керек. Даректүү тасмаларды Кыргызстанда көп деле билишпейт. Даректүү тасмаларды тарта турган режиссерлорду тарбиялап, бизде болгон ар кандай социалдык көйгөйлөрдү, сунуш-пикирлерди, эл арасындагы үлгүлүү каармандарды ушул жанр аркылуу элге жеткире алабыз", — деп айткан аталган курстун негиздөөчүсү, белгилүү документалист режиссер Асел Жураева.

Курс жумасына үч ирет болуп, анын программасы төмөндөгү пункттардан турат:

  • Даректүү тасманын негизи жана режиссурасы;
  • Даректүү тасмадагы оператордук чеберчилик;
  • Даректүү тасманын драматургиясы;
  • Монтаж;
  • Дүйнөлүк жана улуттук даректүү фильмдерди көрүү;
  • Ар бир катышуучу темасын өзүн тандап, изилдеп, андан соң гана кино тартууга кирише ала тургандыктары маалымдалган.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 17-декабрында "Азия чыгармачыл айымдар" фондусу Кыргызстанда биринчи ирет айым режиссерлорду колдоп, башын бириктирүү максатында "Кыргыз айым-режиссерлорунун биринчи Кинофоруму" аталышындагы форум өткөргөн. Кинофорумда 15ке жакын аял-режиссерлордун кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлгөн.

Тема боюнча

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров алты күн бою өнөрүн жаштарга үйрөтөт
"Карек" балдар кинофестивалы жаш режиссерлорду чакырат
Белгилер:
даректүү тасма, режиссер, окутуу, кино

ЭҢ МААНИЛҮҮ