"Карек" балдар кинофестивалы жаш режиссерлорду чакырат

© Фото / Айша КамиловаКино тартуу процесси учурунда. Архив
Кино тартуу процесси учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинофестивалдын максаты — болочок кино чеберлерин эртелеп аныктап, аларга туура багыт берүү.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. "Карек" аттуу экинчи республикалык балдар кинофестивалы тасмаларды кабыл алууну баштай турганын Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Сынакка кинематографияга кызыккан 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары катыша алат. Ал үчүн каалаган камерага, планшетке же телефонго 10 мүнөткө чейинки кыскаметраждуу кино тартуу керек. Кинофестивалга катышууга сунушталып жаткан даяр тасма mov, mp4, m4v, mpeg форматында болуп, комедия, мелодрама, драма, триллер, фантастика, анимация жанрында тартылышы керек.

"Катышуучулардын тасмалары 2017-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат. Сыйлык тапшыруу аземи 2017-жылдын 10 октябрында өткөрүлөт. Кинофестивалдын максаты — болочок кино чеберлерин эртелеп аныктап, аларга туура багыт берүү", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Билим жана илим министрлигинин, Кинематография департаменти, Кинематографисттер союзунун, "Ак Илбирс" академиясынын жана жеке киностудиялардын колдоосу менен өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0