Италия элчилиги Кыргызстанда концерт уюштурат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОркестр музыканты. Архив
Оркестр музыканты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертке катышууга италиялык скрипач Жованни Анжелери келип, мамлекеттик филармониянын камералык оркестринин коштоосунда сахнага чыкмакчы.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстан менен Италиянын дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына карата концерт уюштурулат. Бул тууралуу Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, концерт 24-март күнү саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт.

"Иш-чара Кыргызстан менен Италия мамлекеттеринин дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына, Рим келишиминин 60 жылдыгына арналат", — деп жазылат маалыматта.

Концертке италиялык скрипач Жованни Анжелери келип, Улуттук филармониянын камералык оркестринин коштоосунда сахнага чыкмакчы.

Билеттерди алдын ала алуу үчүн 0 (312) 66 46 63, 0 (312) 66-01-67 номурлары аркылуу байланышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0