Марттын ортосунда "Ата-Бейит" даректүү тасмасынын бет ачары өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси. Архив
Ата-Бейит мемориалдык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата-Бейит" тасмасы 2016-жылы Казанда өткөн эл аралык кино фестивалда "мыкты даректүү кыска метраждуу тасма" наамына татыган.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргыз-түрк "Манас" университетинде үстүбүздөгү жылдын 16-мартында "Ата-Бейит" даректүү тасмасынын бет ачары болот. Бул туурасында кинематографияны өнүктүрүү фондусунан маалымдады.

Фото с социальной сети Facebook пользователя Guzel Kerimkulova. Начинающий режиссер из Кыргызстана Касиет Джолдошбекова завоевала первое место на международном фестивале документальных фильмов в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык студент кыздын тасмасы Стамбулда өткөн кинофестивалда мыкты аталды
Картинанын режиссеру Алижан Насиров. Сценарийдин автору Алижан Насиров жана Абдыбек Казиев. Фильмдин сюжетинде 1937-1938 жылдары сталиндик репрессияда ак жеринен атууга кеткен 137 кишинин тагдыры туурасындагы маалыматтар камтылган. Тасмага "Кыргызфильмдин" жана окуяны иликтеп, коомчулукка алып чыккан, ошол кездеги Улуттук Коопсуздук комитенин кызматкери Болот Абдрахмановдын жеке архиви колдонулган.

"Ата-Бейит" тасмасы 2016-жылы Казанда өткөн эл аралык кино фестивалда "мыкты даректүү кыска метраждуу тасма" наамына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0