"Жаш таңдай-2017" айтышынын баш байгесине Болот Назаров ээ болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомузчу. Архив
Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтыш ак таңдай акын, КРдин эл артисти Ашыралы Айталиевдин 90 жылдыгына арналды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Жаш таңдай-2017" айтышынын баш байгесине акын Болот Назаров ээ болду. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондусунун теңтөрагасы Асылбек Маратов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, айтыш ак таңдай акын, КРдин эл артисти Ашыралы Айталиевдин 90 жылдыгына арналды.

Кечээ, 10-март күнү, тандоо туру өтүп, жаш акындардын чечүүчү беттеши бүгүн Кыргыз улуттук драма театрында өттү. 

"Финалга жалпы жонунан 16 акын чыккан. Натыйжада баш байгени Болот Назаров багынтып, ага 150 миң сом берилди. Биринчи орун менен 80 миң сом Мундузбек Усупбек уулуна ыйгарылды. Экинчини Темирбек Матыбаев алып, ага 60 миң берилди. Үчүнчү орунду Асылбек Маратов ээ болуп, 30 миң сом алды", — деди иш-чараны уюштурган фонддун жетекчиси.

Калган акындарга кызыктыруучу сыйлык менен бирге ар бирине 8 миң сомдон берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0