"Семетей" эпосунун академиялык алты томдугу жарык көрдү

Жазылуу
Китепти Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институту даярдап, жалпы жонунан 200 миңден ашуун сап камтылган.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Семетей" эпосунун академиялык алты томдугу чыкканын Улуттук илимдер академиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин "Манас" эпосунун төрт тому чыккан. "Семетей" Каралаевдин эң көлөмдүү варианты. Аны Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту даярдап, жалпы көлөмү 200 миң саптан ашат.

Алты томдук 1000 нускада чыгып, анда илимий комментарийлер жана түшүнүктөр кошо жазылган. Академиялык варианттарды басмага институттун кызматкери Айнек Жайнакова менен академик Абдылдажан Акматалиев даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0