Кийим-кечеге карата айтылган 12 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные виды украшений
Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз элинин да илгертен кийим кийүүдө же аны колдонууда өз эрежелери болгон. Бул ырым-жырымдарга өзгөчө көңүл бөлүнүп, ар биринде терең маани камтылган. Баш кийимден тарта бут кийимдерге чейин колдонулган жана аларга карата айтылган ишенимдер азыркы заманбап тил менен айтканда кыргыздын "этикети" болуп саналган.

"Болбойт" рубрикасынын кезектеги санында илгертен ата-бабадан сакталып калган кийим-кечеге карата айтылган тыюулар белгиленип, алардын мааниси түшүндүрүлдү.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Баш кийимди башка бирөөгө белекке бербейт. Эгерде баш кийим эскирип баратса, жаш балага жыртылганча кийгизип, андан соң өрттөп салышкан.

Баш кийимди сатпайт, тебелебейт, ыргытпайт, теппейт жана жоготпойт. Кыргыздарда баш кийимди жоготуу жаман жышаан катары эсептелген.

Бут кийимди көмкөрөсүнөн таштабайт. Көмкөрөсүнөн коюлуп калса ээсине жаман иш түшөт деп айтылып калган.

Бут кийимди төргө же жогору жакка койбойт. Душманың көтөрүлөт деген ишеним болгон.

Шымды башына коюп жатпайт. Кечинде жатарда баш кийимди, үстүңкү кийимди төшөгүнүн баш жагына, байпак, шымдарын ылдый жакка коюй керектелет.

Баш кийимди тетири каратып кийбейт. Ишиң жүрүшпөй калат деп саналган.

Эркек баш кийими менен үй-бүлө мүчөлөрүн (аялын, балдарын) чаппайт. Баш кийимдин анты болот деген түшүнүк жашаган.

Церемония массового бракосочетания 50 молодежных пар - Sputnik Кыргызстан
Күйөө балага тиешелүү 5 "болбойт"
Эркек адамдын үстүнөн, кийиминен аттабайт, тебелебейт. Эркек кыргызда үйдүн ээси катары улук адам болуп саналган. Анын кийген кийиминен, колдонгон буюмуна чейин аяр мамиле жасалат.

Камыр ачытканда үстүн үй ээсинин кийими менен жаппайт. Камыр ачытканда анын үстүн төшөк же атайын жапкычтар менен жабуу керек.

Кыз киши белдемчи тагынбайт. Ал — турмушка чыккан аял затынын кийими болгон. Белдемчи — аялдардын белден ылдый тартынуучу кийими. Ал жазда, күздө, айрыкча, кышта тагылат.

Бирөөнүн кийимин жуумайынча кийбейт. Аны сөзсүз жууп кийиш керек, алган адамдын илешкен жаман нерселери жугат деген ишеним болгон.

Кийимди кийип турган учурда топчу кадабайт, айрылган жерин тикпейт. Бул биринчиден, ыңгайсыз болсо, экинчиден, өз бактысын бууп коет деп саналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0