05:28 19 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
223130

Дилбар Ашимбаев өлкөдөгү белгилүү дизайнерлердин катарын толуктайт. Ал 1990-жылдан тарта түрдүү тармакта иштеп, 2004-жылы "Дилбар" мода үйүн ачкан.

Ашимбаева журналист Гүлдана Талантбековага дизайнер менен болгон маекте команданын ортосундагы мамиле, өлкөдөгү кийимдин баасы жана элдин табити тууралуу айтып берди.

— Дилбар айым, дизайнерлик сиз үчүн бизнеспи, хоббиби же жөн гана жумушпу?

— Абдан жакшы суроо экен. Жасаганың элге жана өзүңө жагып, анан ошондон акча таап жатсаң бул дизайнер үчүн идеалдуу вариант деп ойлойм. Дайыма ушундай болсо деп аракет кылам. Бирок баары эле ойлогондой боло бербейт экен. Акчага басым жасасаң, жан дүйнө баалуулугу жоголот. Акча тапкан учурда деле ал иш сага ыраханаттануу алып келбейт. Негизи туруктуу гармонияны калыптандыруу керек деп ойлойм.

— Кайсыл учурдан тарта дизайнер болоруңузду билдиңиз?

— Бала кезимде эле айлана-чөйрөнү кооздогум келчү. Үйдөгү оокаттардын ордун алмаштырып, башкача өңүттө көрүүнү каалачумун. 1990-жылы Москвадагы Косыгин атындагы Текстиль академиясын бүтүрүп, дизайнер катары ишимди булгарыдан бут кийим жана аксессуар чыгарган "Чолпон" фабрикасынан баштагам. Ошондон кийин иш тажрыйбам ийгиликтүү уланып кетти. 

Основатель дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаева во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Белгилүү дизайнер Дилбар Ашимбаев: бала кезимде эле айлана-чөйрөнү кооздогум келчү. Үйдөгү оокаттардын ордун алмаштырып, башкача өңүттө көрүүнү каалачумун

— Идея сизге эмнеден улам келет? Башка дизайнерлер сыяктуу эле сүрөт тартасызбы?

— Сүрөт тартпай эле оюндагысын жеткиликтүү бере алган талантуу дизайнерлер деле бар. Бирок мен өмүр бою эле тартып келе жатам, окуу жайда да сүрөт тартуу боюнча алты жыл окугам. Ишимди калем менен боексуз элестете албайм.

— Сүрөттөн жакшы көрүнүп отуруп кийин өзүңүзгө жакпай калган учурлар болобу?

— Бул көрүнүштү сүрөтчүнүн трагедиясы катары карайм. Мындай нерсе ишиңдин элүү пайызында кездешет. Беш жыл мурун чапандарды тиккенде өзүмө жаккан эмес. Элдин суроо-талабы арбып, буйрутма бергенин токтоткон жок, мен дагы ишмердүүлүгүмдү уланта бердим. 

Модели во время показа дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаевой
© Фото / дом моды DILBAR
Коллекцияларды чет элдики менен менен айкалыштырып кийгендер бар

— Командаңызда сизден башка канча киши эмгектенет?

— Ошто да кийим саткан дүкөн ачканбыз. Тигүүдөн тарта дүкөнчүгө чейин кошкондо бардыгы болуп 60 чукул киши иштейт.

— Сиздин эмгегиңизди өлкөдөгү аттуу-баштуу адамдар дагы пайдаланарын билебиз. Маселен, Раиса Атамбаева сыяктуу айымдар колуңуздан чыккан кийимдериңизди кийип жүрсө абдан сыймыктансаңыз керек?

— Рая эже жөнөкөй адам. Ал атайын бир нерсе жаса деп буйрутма бербейт. Келбети да сымбаттуу болгондуктан, дүкөнгө келип стандарт кийимдерди алып кете алат. Албетте, түрдүү кардарлар болот. Маселен,  апасынын тоюнда атайын биздин көйнөктөрдөн кийгизүүгө аракет кылган балдар бар. Ошолор көп эсте калат. Анан ошол көйнөктү карап жашоосундагы маанилүү күндү эстеп турса дейм. 

Модели во время показа дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаевой
© Фото / дом моды DILBAR
Жөн эле көйнөк эмес, орнамент, оймо-чиймелери менен жасалгаланган көйнөктөрдү жактырам

— Дизайнерлер менен команданын ортосундагы мамиле тууралуу кеп кылсак. Көп учурда кол астындагы кызматкерлер атыбыз чыкпаганы өкүндүрөт деп калат?

— Маселен, белгилүү дизайнер Кристиан Диор ишмердүүлүгүн түптөгөндөн бери көптөгөн дизайнерлер алмашканы менен аты сакталып калды. Дизайнер команда менен иштегенде бардыгын макулдашып алышы керек. Болбосо коллекциянын бардыгына ар кимдин ысымы кете бербейт. Маселен, Долче менен Габанна дуэт катары жүрүшөт, экөөнү ажыратып Долче деп койсоң кызыксыз болуп калат. Менде деле андай окуялар болгон. Бул ар бир дизайнердин башынан өтө турчу нерсе. Менден иштеп кеткендин баары биз "Дилбар" мода үйүн түзгөнбүз деп ойлойт экен. Эгер жасайм десең баары колуңда, мода үйүңдү ач, түптө, логотибин иштеп чык, тер төгө иште деген кеңештерди берет элем. Дизайнер бул идеяны ойлоп тапкан адам. Ал ошол идеянын аркасы менен кызматкерлерди жумушка алып жатат.

Идеяны уурдагандар да бар. Мейли кылгыла, бирок сапатуу жасагыла деп айткың келет. Италия азыр дүйнөдөгү мода үйүнүн саны жана сапаты боюнча алдыңкы, дизайнерлери дагы мыкты өлкө. Алардын ар бир көчөсүндө дизайнерлердин мода үйү жайгашкан. Алар деле иштеп, күн көрүп жатышат. Дүйнө жүзү болсо алардын эмгегин жалпы жонунан Италиянын дизайны катары эле кабыл алат. 

Основатель дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаева во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Белгилүү дизайнер Дилбар Ашимбаев: идеяны уурдагандар да бар. Мейли кылгыла, бирок сапатуу жасагыла деп айткың келет

— Дизайнерликте сиз жасабай турчу нерсе барбы?

— Олуттуу деле тыюулар жок. Бирок мага жакпаган нерсе болсо жасагым келбейт. Кээде өзүмө абдан жагып тургандар башкалардын көз карашына туура келбей калса да жасабайм. Ар бир адамдын пикирин эске алганга аракеттенем.

— Сиздин кийинүү стилиңиз кандай? Өзүңүздүн кийимдериңизди өзүңүз киесизби?

— Жөн эле көйнөк эмес, орнамент, оймо-чиймелери менен жасалгаланган көйнөктөрдү жактырам. Табигый кездемелерден тигилген кийимдерге ыктайм. Өтө чыптаган кийимдерден алысмын. Мүмкүн арыктасам башкача кийимдерди кийип калаармын. Айтор, табитим өзгөрүп турат.

Мурун өзүмдүн кийимдеримди кийгенден аянчумун. Бара-бара жашоого болгон көз карашың өзгөрөт экен. Кийим бул сенин куралың, жашоодо канчалык бир деңгээлде көрсөткүчүң экендигин түшүндүм. Мен жан дүйнөмдөгү ойду көйнөктөр аркылуу берем. Маселен, кыз узатууга же юбилейге буютма түшкөндө, жашоомо көз чаптырып мен кандай көйнөк киет элем деп ойлоном. Башымдан көп нерсе өттү. Азыр өзүңө жагымдуу ирмемдерди көбүрөөк тартуулоо керектигин түшүнөм. 

Модель во время показа дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаевой
© Фото / дом моды DILBAR
Биздин кийимдерди өтө кымбат же өтө арзан деп айта албайм. Элдин чөнтөгүнө туура келет

— Сиздин кардарларыңыз ким? Башка дизайнерлерден өзгөчөлүгүм эмнеде деп ойлойсуз?

— Бир жылда эки жолу коллекция чыгарууга жетишем. Жакында болуп өткөн коллекцияма бардык ассортименттерди кошуп, элге кеңири жеткидей кылып иштеп чыктык. Биздин кийимдерди өтө кымбат же өтө арзан деп айта албайм. Элдин чөнтөгүнө туура келет.

Кардарларым — сапаттуу кийимди түшүнгөн адамдар. Коллекцияларды чет элдики менен менен айкалыштырып кийгендер бар. Бардык курактагыларга ыңгайлуу, алардын арасында ырчылар да кездешет. Бирок алар биз кийип жүргөн кооз кийимдерди көптөрдөн көрүп жүрөбүз деп айтып калышат. Мурда адамдар "өтө кооз кийинбейм, мен артист эмесмин" десе, азыр, тескерисинче, артисттер күйөрмандар сырткы көрүнүшкө алаксыбай чыгармабызга маани берсин деп жөнөкөй кийим тигип берүүнү суранышат.

— Жалпы жонунан кыргызстандыктардын кийген кийимдерине баа бере кетсеңиз, биз башка мамлекеттерден эмнебиз менен айырмаланабыз?

— Кийимге көп басым жасайбыз. Санкт-Петербургда жашаган сиңдим бизге тойго келгенде жупуну көйнөктөрдүн бирин жонуна салып баратканда, мындай көйнөктөрдү биз күнүмдүк жашоодо киебиз десем таң калуу менен караган. Маселен, бизде кечеге деп бир көйнөк алып койсоң, аны кийин жумушуңа деле кийип бара берсең болот да. Сиңдим "сегиз жыл мурун берген чапанды анда-санда жумушка кийип барсам, кесиптештерим айланчыктап карайт" дейт.

Бизде көздүн жоосун алган архитектура, кооз имараттар жок. Парижде жашагандар ак, кара, боз өңдөрдү жактырышат, анткени алардын фонуна туура келет. Бул жактан бирөө боз көйнөк кийсе, пол жуугучтай көрүнүп калат. Себеби бизде чаң, кир, таштанды көп. Ошондуктан адамдын кийим тандоосуна айлана-чөйрө дагы таасир тийгизет. 

Модели во время показа дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаевой
© Фото / дом моды DILBAR
Биздин эл ачык түстө кийингенден коркпосо дейм

— Кышында Кореядан дос балам келип, өзүн ыңгайсыз сезгенин айткан эле. Анткени ал учактан кызгылт сары куртка менен түшүптүр, биздикилерди билесиз да, кышкысын кара, күрөң түстөгү күрмөлөрдү киебиз…

— Стандартуу түрдө кийинип көнүп калганбыз. Бизде эркек балдар кызыл-тазыл кийгенден качышат. Жанагы Санкт-Петербургда жашаган сиңдим бир жолу кара кийинип жүргөнүм үчүн көчөдөн милиция кызматкерлери токтотуп алып документ сурады деп айтып берди эле. Алар жөн гана документ текшербей, эмнеге силер кара кийинип жүрөсүңөр, бул түстөр адамга күмөн жаратат, ачыгыраак кийинип жүрсөңүздөр деп кеңешин айтышыптыр. Ошондуктан биздикилер ачык түстө кийингенден коркпосо дейм.

— Өлкөдө кийимдердин баасы тууралуу кандай ойдосуз?

— Кийим-кече бизде орточо баада. Анткени өлкөдө кийимдин көп сандагы ассортименттери, бренддери жок. Бул, албетте, өкүндүрөт. Мындайча айтканда атаандаштык аз. Маселен, Кыргызстанга "Zara" компаниясына окшогон иши ишканалар кирип келе турган болсо, ата мекендик дизайнерлердин күнү бүтөт. Алардын кийимдери сапаттуу, ошол эле учурда арзан жана жарашыктуу көрүнөт. Же мүмкүн, алар келсе биздикилер атаандашып иштейт беле деген ой келет.

Маселен, Италияда дизайнерлик үй-бүлөлүк бизнеске айланган. Бири юрист, экинчиси маркетолог, үчүнчүсү айдоочу болуп отуруп ишкерликти чогуу өнүктүрүшөт. Анан убакыттын өтүшү менен кийинкилерге калтырып кете берет. Мен деле өзүмдөн кийин балдарыма өткөрүп берейин дейм, бирок алар азыр кичинекей, кийин улантабы же жокпу билбейм.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Өзүм дүйнө жүзүн кыдырып жүргөнүм менен мамлекетим тууралуу аз билет экенмин. Ошондуктан бул жылды үй-бүлөм менен ички саякаттоонун жылы деп атадык. Ошто кийим дүкөнүм болгондуктан ал жакка көп барам. Кыргызстандын түндүгүн да толугу менен кыдырып чыккым келет.

Тема боюнча

Гүлнара Тойгонбаева: кызым Күнай сырдашканга жарап калды
КР дизайнери улуттук орнамент түшүрүлгөн коллекциясын Москвада тартуулады
Кыргызстандык кол өнөрчү Москвадагы Мода жумалыгында коллекциясын тартуулады
Прима-балерина Айдарова: көпөлөктөй болуп эле жыргап бийлеп жүрөт деп ойлошот
Тигүүчүлөр кантип байып жатышат? Дил маек
Этностиль, көркөмдүк, көчмөндөр: Кырчында этномода боюнча сынак өттү
Ыр-күү жана саркеч көчмөндөр. Этнофестиваль ирмемдери
Белгилер:
Раиса Атамбаева, Дилбар Ашимбаева, дизайнер, кийим

ЭҢ МААНИЛҮҮ