"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгына 31 тасма кабыл алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс
Вручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак 18 номинация боюнча Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы мыкты тасмаларды аныктайт.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Улуттук "Ак илбирс" киносыйлыгына 30дан ашык тасма катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Кинематография уюму билдирди.

Объявление номинантов премии НИКА-29 - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы Россиянын "НИКА" сыйлыгына Кыргызстандын атынан көрсөтүлдү
Маалыматка ылайык, жыл сайын өтүп келген сынакка быйыл 31 тасма өтүнмө жиберген. Анын ичинде 14 толук метраждуу, 10 кыска метраждуу жана 7 даректүү тасма кабыл алынды.

Тандоо комиссиясы тасмаларды ушул жумада көрө баштайт. Алтынчы жолу өткөрүлүп жаткан киносыйлыктын жеңүүчүлөрү 14-апрелде белгилүү болот.

Кошумчалай кетсек, "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгы 2012-жылы негизделип, 18 номинация боюнча Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы мыкты тасмаларды аныктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0