"Каратегинден кат" тасмасы Прагадагы фестивалда көрсөтүлөт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПрага шаары. Архив
Прага шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Еден Свет" – 2017-жылдын 6-15-мартында Прага шаарында өтө турган укук коргоо жаатындагы даректүү тасмалардын фестивалы.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Жаңыл Жусупжандын "Каратегинден кат" толук метраждуу даректүү тасмасы "Еден Свет" эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөөрүн Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Объявление номинантов премии НИКА-29 - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы Россиянын "НИКА" сыйлыгына Кыргызстандын атынан көрсөтүлдү
Маалыматка караганда, ал фестивалдын "Эркиндикке жол" программасынын алкагында сунушталат. Ал эми бул программа жарандары оор кырдаалга туш келип, өз көйгөйүнө башкалардын көңүлүн бурдурууга аракет кылып жаткан мамлекеттер тууралуу тасмаларга басым жасайт.

"Каратегинден кат" — толук метраждуу даректүү кинонун тарыхында Тажикстандын Жерге-Талындагы кыргыздар тууралуу тартылган биринчи тасма.

Тажикстандагы Жерге-Тал жана Мургаб райондорун байырлаган кыргыздар, аймактын табияты жана кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы мамиле, Ата Журтка болгон сагыныч тууралуу баяндаган тасма эки жылдан ашуун убакытта тартылып, узактыгы 1 саат 45 мүнөттү түзөт.

"Каратегинден кат" тасмасын Кыргызстандын "Чагалдак филмз" жана Франциянын "Cinedoc" киностудиялары биргелешип тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0