Урмат Мырсаканов бүгүн НТВ каналынын "Ты супер" сынагында өнөрүн тартуулайт

© Sputnik / Михаил ДудинУчастник шоу НТВ "Ты – супер!" Урмат Мырсаканов
Участник шоу НТВ Ты – супер! Урмат Мырсаканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урмат Мырсакановдун теледолбоордо мындан аркы кармалышы көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн көз каранды. Каалоочулар Sputnik менен НТВнын сайтынан добуш бере алышат.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. НТВ телеканалы ишемби күнү "Ты супер" долбоорундагы таланттардын өнөрүн көрүүчүлөргө тартуулайт.

Солистка группы Город 312 Светлана Назаренко - Sputnik Кыргызстан
Светлана Назаренко: "Ты супер" долбоорундагы Урматка добуш бериңиздер
4-мартта Москва убактысы боюнча саат 20.00дө (23.00 Бишкек убактысы) НТВ каналы аркылуу "Ты супер" шоусу көрсөтүлөт. Sputnik Кыргызстан агенттиги теледолбоорду түз алып барат.

Кыргызстандын телеканалдары сынакты ар кандай убактарда көрсөтөт. Саат 21.00дө НТВ, 22.00дө "Ала-ТВ" жана "Акнет" компаниялары аркылуу трансляцияланган НТС-НТВ каналынан көрсөтүлөт. Ал эми саат 23.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин түз алып берүүсүн көрө аласыздар.

12 жаштагы Урмат Мырсаканов — эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан чыгып жаткан жалгыз катышуучу. Урматка добуш берүүнү кааласаңыз төмөнкү шилтемеге кирсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0