БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Сволочи", "Елки" жана "Кадетство" сериалдарынын жылдызы Александр Головин Welcome to Kyrgyzstan тамашалуу тасмасына тартылуу үчүн Кыргызстанга келген. Бул тууралуу фильмдин актеру Мыйзам Абдумаликов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Россиялык актерду тасмага тартуу иштери эки жумага созулган. Бул убакыт ичинде Головин Бишкекти, Караколду жана Ысык-Көлдү кыдырууга жетишкен. Кино тарткан топ россиялык актер кандай ролду жаратканын так айтышкан жок.
Бүгүн орус актеру Москвага учуп кетти. Ал кетер күнү тасманын акыркы сюжеттери тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча аталган тасма май айынан тарта көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.