"Ты супер": Урматка Sputnik агенттигинен да добуш берүүгө жол ачылды

© Sputnik / Михаил ДудинНТВ каналынын "Ты супер" шоусунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов. Архив
НТВ каналынын Ты супер шоусунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсаканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шоунун катышуучусу Урмат Мырсаканов алдыңкы катарга чыгып, лидерлер менен теңтайлаша баратат. Кыргызстандык өнөрпоз үчүн 23 миң киши добуш берген.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. НТВ каналынын "Ты супер" шоусунун катышуучусу 12 жаштагы Урмат Мырсакановго эми башка сайттардан да добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда Урмат алдыңкы катарга чыгып, лидерлер менен теңтайлаша келатат. Кыргызстандык өнөрпоз 23 миң кишинин добушуна ээ болду.

Певец отечественной эстрады Адилет Азимов - Sputnik Кыргызстан
Адилет Азимов: сумкага акча жетпей, баштык көтөргөн күндөр болду
Буга чейин НТВ каналыны н сайты менен долбоордун тиркемесинен гана добуш берүүгө мүмкүн эле. Эми башка сайттардан да добуш берүүгө жол ачылды.

Жалпы жонунан эл аралык музыкалык долбоорго 92 киши катышып жатат. Урмат Мырсаканов — балдар үйүнүн тарбиялануучусу, Кыргызстандын атынан катышкан жалгыз өнөрпоз. Урматтын сахнага чыкканын 4-март күнү көрүүгө болот.

"Ты супер!" конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишет. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0