"Эл ырчысы Эстебес" тобу Ош шаарынын тургундарына ыр майрам тартуулайт

Жазылуу
Топтун былтыркы жылдын аралыгында койгон концерттери Маданият министрлиги жана жалпы эл тарабынан жогору бааланган.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Улуттук филармониянын "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобу март айында Ош шаарынын тургундары үчүн концерт тартуулай турганын топтун ырчысы, белгилүү дастанчы Өмүрзак Кайыпов билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 15-17-март күндөрүнө белгиленген.

"Үч күнү үч башка концерт коюлат. Ошко барууну топ өзү демилгелеп, өзү уюштуруп жатат", — деди Кайыпов.

Эскерте кетсек, аталган чыгармачыл топ былтыркы жылы "Бирик, кыргыз! Бириккенде байрагың бийик, кыргыз", "Оңдош үчүн ааламды, оңдош керек адамды" жана "Ааламдан кең, апа сенин бешигиң" аттуу концерттерди даярдап, эл алдына алып чыккан. Алар Маданият министрлиги жана жалпы калк тарабынан жогору бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0