Майрам алдында кыз-келиндерди куттуктаган ыр майрамы өтөт

Жазылуу
Facebook социалдык тармагында атайын хештег менен флешмоб өтүп, анда каалаган адамдар аялзатына арнаган төрт сап ырын жайгаштыра алат.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. "Аялзатына арноо" поэзия кечеси кыз-келиндер майрамынын алдында өтөт. Бул туурасында эл аралык "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусунан кабарлашты.

"Аялдар майрамынын алдына өтө турган бул поэзия майрамы чоң энелерге, апаларга, жубайларга, келинчектерге, кыздарга арналат", — деп айтылат маалыматта.

Ыр майрамы 3-мартта Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Мындан сырткары, Facebook социалдык тармагында атайын хештег менен флешмоб өтүп, анда каалаган адамдар аялзатына арнаган төрт сап ырларын жайгаштыра алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0