Күйөө балага тиешелүү 5 "болбойт"

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЦеремония массового бракосочетания 50 молодежных пар
Церемония массового бракосочетания 50 молодежных пар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этнографтардын айтымында, кыргыз салтында күйөө балага келин сыяктуу так кесе көрсөтүлгөн тыюулар жок. Алар салттык мыйзамдардын негизинде адебин сактап, сыйынан жазбай жүрүүгө тийиш болгон. Андай күйөө баланы кайын журту да жакшы көрүп, төрдөн орун бербесе дагы "күйөө баланы пайгамбарым сыйлаган" дешип урмат көрсөткөн.

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Sputnik Кыргызстан агенттиги этнографтар Абдимиталип Мурзакметов жана Сайдилла Эралиевдин айтуусу боюнча кыргыз салтында күйөө баланын намысына доо кетип калуучу беш жагдайды тизмектеди.

Кайын журту менен бирге жашабайт. Күйөө баланын кайнатасынын үйүндө жашоосу уят жорук катары саналып, ага "күч күйөө" деген намыска тийчү сөздөр айтылган.

Кайнатасынын үйүнө түз бастырып кирген эмес. Күйөө бала ала турган колуктусунун калыңы эчак төлөнүп бүтүп, кызды алып кетүүгө келгенде да кайнатасынын короосуна чейин кирип келип, мамыга атын байлаган эмес. Буга байланыштуу жоош, уяттуу, адептүү адамды жаңы келген күйөөдөй деп сыпаттаган мүнөздөмөлөр айтылат.

Кайната, кайненесинин, өзүнөн улуу кайындарынын жүзүнө тике карабайт. Колуктусун алып кетүүгө келгенде күйөө жолдоштор менен келип, кайната, кайненесинин, кыздан жашы улуу туугандарынын алдында башын жерге салып, үнүн катуу чыгарбай, ыйбаа менен таазим кылган. Мындай күйөө каадасы колуктусу менен чогуу жашап, бала-чакалуу болуп, кайын журту менен мамыр-жумур аралашып кеткенден кийин деле сакталып кала берген.

Кызын ойнотуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш балага карата 10 "болбойт"
Кайната, кайненесинин атынан айтпайт. Аларды "ата", "апа" деп атап, өзүнүн ата-энесиндей урмат көрсөтөрүн билдирген. Тамашалашпайт. Кайнага, кайнеже, кайни менен балдыздарына да бир туугандай мамилесин жасаган. Ошондой эле кайындары келгенде үйдөн чыгып кетүү туура эмес. Андайда өтө зарыл жумушу болбосо башка күнгө жылдырып туруу оң болот.

Сый үстүндө отуруп албай кызмат дагы кылышы керек. Күйөө бала кайын журтуна барганда сый көрүп эле отуруп калбай, өз эрки менен сыртка чыгып, улуулардын колунан иш алып кызмат кылуусу зарыл. Бул анын тарбиясынан кабар берип, кайын журтуна болгон сый мамилесин айгинелейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0