БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Стамбул шаарында өткөн "Арапча китептер жана маданият күндөрү" аттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Чубак ажы менен кошо иш-чарага дин аалымы Молдо Газы Зияев дагы барган.
Иш-чарага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 100 аалым жана жазуучулар, 50гө чукул басма үйлөр чакырылган. Быйылкы жылы экинчи ирет өткөрүлүп жаткан "Арапча китептер жана маданият күндөрү" аттуу иш-чара Түркия жазуучулар союзу жана Хашимит басма үйү менен биргеликте уюштурулган.