Элечекчен энелер. Бишкектеги иш-чарага аймактардан келген 1000 аял катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековВторые Всемирные игры кочевников в Иссык-Куле
Вторые Всемирные игры кочевников в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулуева маданий иш-чарага Кыргызстандын жети дубанынан келген айымдар катышарын баса белгиледи.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 4-мартта "1000 ак элечек айымдар-2017" маданий иш чарасы өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Былтыр ак элечек оронгон 300 апа чогулган. Быйылкы иш-чара Адеп, ыйман жана маданият жылына арналууда.

"Кыргызстанда быйылкы жыл "Ыйман, адеп жана маданият жылы" жылы деп жарыяланды. Андыктан иш-чараны да бул жылды белгилөө максатында өткөрүп жатабыз. Кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриоттуулугун өстүрүү, бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратып, элдин тарыхый жана маданий бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү макстатында өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө салымын кошкон айымдардын эмгегин баалоо иретинде өткөн жатат", — деди ал.

Кулуева маданий иш-чарага Кыргызстандын жети дубанынан келген энелер катышарын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0