Кыргызстандык жаш режиссерлордун жаңы тасмалары тартууланат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРабота кинотеатра "Люксор" в Москве
Работа кинотеатра Люксор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмалар Кинематографисттер союзунун колдоосу менен көрсөтүлмөкчү.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. "Айтыш фильм" киностудиясы кыргызстандык жаш режиссерлордун жаңы тасмаларын коомчулукка тартуулай турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 20-февраль күнү саат 16.00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт.

"Мында Фарида Сейталиеванын "Жаш манасчы", Элнура Ташбаеванын "Тамчы", Айжамал Болотованын "Лунная соната", Зирегүл Кубандык кызынын "Түнкү мейман" жана Мээрим Доктурбекованын "Бакыт" аттуу кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлөт. Иш-чара кинотармагына баш багып келе жаткан таланттуу жаштарды колдоо болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Тасмалар Кинематографисттер союзунун колдоосу менен көрсөтүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0