"Эргүү" сыйлыгына талапкер спектаклдер көрсөтүлө баштады

© Sputnik / Айша КамиловаСахнадагы театр артисттери. Архив
Сахнадагы театр артисттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-мартта эл аралык театр күнүнө карата "60 академиктин" тандоосуна арзыган спектаклдер "Эргүү" сыйлыгына ээ болот.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. "Эргүү" улуттук театралдык сыйлыгына Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры төрт спектакль көрсөтүүнү пландап жатканын театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Алтынай Темирова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кыргыз драмалык театрынын атынан сыйлыкка талапкер катары Бексултан Жакиевдин "Көздөн учкан Ата журт", түрк драматургу Азиз Несиндин "Торостук зөөкүр" жана башкыр драматургу Флорид Буляковдун "Бакбергендин бакыйган бактысы" деп аталган чыгармаларына спектаклдер көрсөтүлөт. Алардын арасында балдарга арналган "Ажыдаар хандыгы" чыгармасы дагы бар", — деди Темирова.

"Эргүү" — жыл сайын тапшырылуучу улуттук, театралдык сыйлык. Аны алууну каалаган режиссерлор жана театрлар өз спектаклдерин видеого тартып, жергиликтүү театр жана кино ишмерлеринен турган "60 академиктин" сынына коет.

Жаңылыктар түрмөгү
0