"Жаш таңдай-2017": Ашыралы Айталиевдин 90 жылдыгына карата айтыш өтөт

Жазылуу
Иш-чаранын байге фондусу 500 миң сомду түздү. Сынакка 30 жашка чейинки акындар катыша алат.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ак таңдай акын, КРдин эл артисти Ашыралы Айталиевдин 90 жылдыгына арналган "Жаш таңдай-2017" деп аталган төкмөлөр айтышы өтө турганын "Айтыш" коомдук фондусунун таңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 10-11-март күндөрүнө белгиленген.

"Биринчи күнү КТРКнын концерттик залында тандоо туру өтүп, түштөн кийин биринчи айлампа болот. Эртеси, 12-мартта айтыштын финалы тартууланат", — деди Маратов.

Акын айтышка келчү төкмөлөр 30 жашка чейин болушу керектигин белгилеп, санында чектөө жок экенин кошумчалады. Жаш таңдайлар үчүн 500 миң сомдук байге фондусу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0