Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө

© Sputnik / Табылды КадырбековМодель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева
Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде сиз атактуулардын боексуз сүрөтүн чет жердеги папарацилердей аркасынан кууп жүрүп, бак-дарактарга жашынып, ити чыга калса дубалдан шыпырылып же кечкисин күзгүгө каранып жатканда "чырк" эттирип алды десеңиз жаңылышасыз.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдө аты чыккан адамдардын бетин боексуз ачуу менен "Нукура жүз" долбоорун сунуштайт. Биз боек адамды канчалык деңгээлде өзгөртө турганын байкаштырып көрдүк. Даяр болсоңуздар, кеттик! Катуу сындамай жок, сулууларды эки вариантта кабыл алабыз.

Алып баруучу Назира Айтбекова: Мен басканда сулуулугума суктанып, ай аңтарылып, күн коңторулуп кетет дебейм. Бирок жылдыздуумун. Көбү көзүм менен жылмаюума баа беришет. Жаратканга нааразы эмесмин. Кандай жаралсам, ошого ыраазымын. Боенгуч каражаттарына мен эмес, кесибим муктаж кылат. Эфирге макияж менен чыгуу шарт. Күнүмдүк жашоодо боегу жок деле жүрө берем.

Диктор, тележурналист Айтурган Сатиева: Жакын адамым жылуу сөзүн арнап турганда өзүмдү абдан сулуу сезем. Кудайдын берген келбетине ыраазымын, жүзүм толугу менен өзүмө жагат. Визажисттердин айтуусу боюнча жүзүмдү кашым ачат экен. Алар сизди боенткондо форма чыгарып убара тартпайбыз деп калышат. Эфирдин, сахнанын талабына ылайык боенгонго туура келет. Башка учурда боегучтарга муктаж деле эмесмин.

Модель, актриса Мээрим Атантаева: Бетимдеги меңимди көбү атайын боеп алган деп ойлошот. Мен апамдын белеги деп коем. Чоң апам жаштыктын өзү сулуу деп айтып калаар эле. Ошондуктар кирпикти узартып, татуаж кылбай эле, биринчиден бетимдин терисине көбүрөөк кам көрүп, ден соолугума караганда аракет жасайм. Убагында уктап, жакшы тамактансаң — бардыгы жүзүңдөн көрүнөт. Студент кезимде боенгуч каражаттарга кызыгып баарын ала берчүмүн. Кийин көбү колдонулбай эле ыргытылып кетти. Байкаштырып көрсөм, мага боенгучтун деле кереги жок экен. Боенуу дагы убакытты талап кылат. Бийге, машыгууларга барганда тердеп жүдөйм.

Алып баруучу Саната Жумакадырова: Өзүмдү сулуулардын катарына деле кошпойм. Болгону эл алдында жүргөн үчүн тыкан, таза, адептүү жүрүү керек деген ойдомун. Сулуулукту ар бирибиз аракетибиз менен жасап алабыз, сулуулуктун душманы — жалкоолук. Көздөрүң жылдыздуу деген сөздү көп угам. Мектепте окуп жүргөндө бетиң тултук деп айтышчу. Анан тоодон ылдый чуркаганда бетиңиз тоскоол болбойбу деп тамашалап калышчу. Бетим чоң деп аябай ойлоноор элем, азыр баары жайында. Чындыгында боенгуч каражаттарынан тажайм. Көп учурда көчөгө боегу жок чыгып кеткендиктен, курбуларым боенуп жүр деп сындап жиберишет.

Журналист Нуржан Найзабекова: Менин сулуулугум — жаштыгымда. Себеби, жаш кезинде бардыгы сулуу. Жаштыкты жана сулуулукту сактоо үчүн сергек жашоо мүнөзүн кармануу керек. Ошол эле учурда ички жан дүйнөнүн гармониясын сактоо керек. Бала кезимде эриндеримден улам ыңгайсыз болуп жүрдүм. Себеби, үстүңкү эриндерим чоң деп ойлочумун. Азыр болсо андай эмес экенин билем. Тескерисинче, жылмаюу жана күлкү адамдын ажарын ачып, аны жагымдуу кылат. Жашоодо көп бойонбойм, визажисттерге өтө зарыл учурларда гана кайрылам. 

Модель, сулуулар сынагынын катышуучусу Айдана Калыкова: Менин сулуулугум жан дүйнөмдө деп ойлойм. Өзүмө көздөрүм, сырттагыларга жылмаюум жагат. Кичинекей кезимде укмуш боенчумун. Убакыт өткөн сайын нукура сулуулукка ыктап калат экенсиң. Учурда тоналдык крем менен кирпик боегучту эле колдоном.

Клиптерге көрк кошкон сулуу Айсулуу Молдалиева: Менин сулуулугумду тегерек көздөрүм ачат. Мурун бетимдеги кемчилик катары алыс жайгашкан чекемди эсептечүмүн. Эми кандай болсом өзүмдү ошондой кабыл алам. Боенгуч каражатарына көп деле муктаж эмесмин. Бетиме бет майдан сүйкөп, кашымды болор-болбос чийип алып жүрө берем.

Актриса Альбина Имашова: Мен өзүмдү сулуумун деп эсептебейм. Күнүмдүк жашоодо такыр эле боенбойм. Өзүмө көздөрүм жагат. Бетимде сепкилдерим арбын болгондуктан көп жактырчу эмесмин. Азыр көп кабатырлана бербейм.

Гимнаст, буту менен жаа атуу боюнча чебер Аида Акматова: Алты жашыман баштап цирк дүйнөсүнө аралашкандан тарта боенуп келе жатам. Бош убакыт болгондо аз да болсо теримди эс алдырганга аракет жасайм. Өзүмдүн кашым анча билинбегендиктен беш жыл мурун татуаж чийдиргем. Терим бир беткей кара тору болгондуктан көбү "тоналдык крем коюп алгансыңбы" деп сурай беришет.

Автору: Гүлдана Талантбекова
Фотограф: Табылды Кадырбеков
Визажисттер: Альбина Амандыкова, Гульрух Атамурадова, Кундуз Маматова, Нургиза Турсунбаева, Айша Талантова.

Жаңылыктар түрмөгү
0