Эл артисттеринин кийимдери сакталган музей кеңейтүүгө муктаж

© Sputnik / Михаил РогожинКыргыз улуттук кийимдери. Архив
Кыргыз улуттук кийимдери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр музейин кеңейтүү менен келечек муунга маданий баалуулук калтыруу пландалууда.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын алдындагы атактуу актерлордун сахналык кийим-кечелери менен буюмдары сакталган музей кеңейтүүгө муктаж. Бул тууралуу аталган театрдын директору Темирлан Сманбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Учурда театрдын биринчи кабатында Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева сыяктуу кыргыз искусствосунун корифейлеринин буюм-тайымдары, сахнадагы кийимдери сакталчу музейибиз бар. Бирок өтө чакан. Жакында аны кеңейтүүнү пландап, каражат маселесинин чечилишин күтүп жатабыз", — деди Сманбеков.

Театр директору аталган музей сыяктуу маданий баалуулуктардын сакталышы менен кийинки муунга баа жеткис байлык калтырылып жатканын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0