Гүлшан Молдоева сүйлөө чеберчилиги боюнча академия ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековXI Форум творческой и научной интеллигенции стран — участниц СНГ
XI Форум творческой и научной интеллигенции стран — участниц СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Академиядан алган теориялык билим тажрыйба менен айкалышып, сүйлөө чеберчилиги, кептин техникасы, чечендик өнөр, эл алдына чыгып сүйлөө маданияты окутулат.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  "Даңк" медалынын ээси Гүлшан Молдоева сүйлөө чеберчилиги, кеп маданиятын окутуу үчүн академия ачты.

Физика сабагы учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тапшырманы аткар! Физиктер үчүн сынак жарыяланды
Окуу мекемеси Билим берүү жана илим министрлигинен каттоодон өткөн.

Академиядан алган теориялык билим тажрыйба менен айкалышып, сүйлөө чеберчилиги, кептин техникасы, чечендик өнөр, эл алдына чыгып сүйлөө маданияты окутулат.

Окуу жайда КР эл аристи, Токтогул сыйлыгынын ээси Жамал Сейдакматова, академик Абдылдажан Акматалиев, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев, журналист, драматург Кайрат Иманалиев сыяктуу төбөсү көрүнгөн адистер сабак берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0