Италияда элге бий үйрөткөн Айгүл Дүйшеева: башка мамлекетте ийгилик жаратуу оор

© Фото / предоставлено Айгуль ДүйшеевойИталиянын Неапаоль шаарында жашаган, кыргызстандык бийчи Айгүл Дүйшеева
Италиянын Неапаоль шаарында жашаган, кыргызстандык бийчи Айгүл Дүйшеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет мамлекетте окуп, иштеп, ал жакта жашап калган мекендештерибиз аз эмес. Алардын көбү бөтөн жерде өзүнүн чыгармачылыгы, өнөрү, жөндөмү менен баар таап, күн кечирип келет.

Бул ирет биз Италияда 16 жылдан бери жашап, азыркы тапта өзүнүн бийи менен көп ийгиликтерди багынтып жаткан бир уул, бир кыздан апасы Айгүл Дүйшеева тууралуу кеп кылабыз. Кемин районунда төрөлгөн мекендешибиз учурда Италиянын Неаполь шаарында жашайт. Кырктын кырына келип калса да бийлеп, учурда өзүнүн жеке бийлери менен күйөрмандарын таап жаткан учуру.

— Италияга келгениңизге 16 жылдан ашыптыр. Чет жакка кетүүгө эмне себеп болду?

— Чет өлкөгө кетип жаткан кыргызстандыктардын көбүнүн максаты бир эле болсо керек. Бул үй-бүлөсүнө, туугандарына каралашып, балдарынын келечеги үчүн шарт түзүп берүү да. Мен дагы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Италияга 2001-жылы келгем. Ошондо 24 жашта элем. Кыргызстанда жүргөндө бий менен алектенип, чоң сахналарда бийлеп калам деп эч ойлочу эмесмин. Бажы кызматында иштечүмүн. Балам бар, ал азыр 21ге чыкты. Неаполдо 9 жыл жүрүп, окуп, үч жыл мурда Кыргызстанга кетти. Ошол баламдын келечеги үчүн, аны бутуна тургузуу үчүн кетүүгө туура келген.

— Таптакыр эле башка тармакта жүрүп, тааныш эмес башка жатта иш баштоо оор болгон жокпу?

— Эми бийди, мындайча айтканда, жашым өтүп калганда баштадым десем болот (күлүп). Ошентсе да бий менен алектенүү жаш курак тандабайт экен. Балким, мен жаш чагымда бийге барсам мындан дагы көп ийгиликтерди жаратат белем деп ойлойм. Ушул талант, ушул көксөө менин ичимде жаштайыман эле катылып жаткан экен. Азыр мен инсан катары өзүмдү таптым деп айта алам. Мурда ошол жашырынып жаткан шык-жөндөмдү ачууга мүмкүнчүлүк жана шарт болгон эмес окшойт. Анан калса биздин менталитетке дагы мындай нерсе жат көрүнүш да. Бий менен мен сегиз жылдан бери алектенип келем. Азыр бийдин бардык түрүн үйрөндүм. Акыркы төрт жылдан бери өзүмдүн электрошоу деп аталган багытым боюнча иштеп эмгектенип жатам.

© Фото / предоставлено Айгуль ДүйшеевойАйгүл Дүйшеева: өзүнүн аты айтып тургандай эле электрошоу бийлеримде түрдүү жарыктарды колдоном. Ал көрөрмандарды абдан таң калтырып келет. Мени бул бийдин аркасы менен көп киши таанып калды
Танцовщица из Кыргызстана Айгуль Дуйшеева  - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Дүйшеева: өзүнүн аты айтып тургандай эле электрошоу бийлеримде түрдүү жарыктарды колдоном. Ал көрөрмандарды абдан таң калтырып келет. Мени бул бийдин аркасы менен көп киши таанып калды

— Ал кандай бий?

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
— Өзүнүн аты айтып тургандай эле электрошоу бийлеримде түрдүү жарыктарды колдоном. Ал көрөрмандарды абдан таң калтырып келет. Мени бул бийдин аркасы менен көп киши таанып калды. Былтыр сентябрь айында "Италия таланттары" (Italian Talent show – автор.) программасына өзгөчө конок катары чакырышты. Ошондой эле акыркы учурларда түрдүү конкурстардын ачылышына мени мейман катары чакырып жатышат. Жакында эле жергиликтүү каналга да чыгып өнөрүмдү тартууладым. Жаңы жыл алдында көптөгөн келишимдерди түзүүгө жетиштим. Эми быйыл ошонун алкагында Италия боюнча турларга чыгам.

— Бийден башка дагы эмне менен алектенесиз?

— Бий мектебинде сабак берем. Ошондой эле ар ишемби сайын атайын бий кечелерди уюштуруп турабыз. Келгендерге кече бийлерин үйрөтүп, түрдүү конкурстарды уюштурабыз. Бул жакта топтошуп алып бий үйрөнүү кеңири жайылган.

Ар бирибизде кыял бар. Ошол кыялдарды унутпай ага жетүү үчүн бардык аракеттерди көргөндө гана анын жыйынтыгы болот. Кыялдар сөзсүз орундалат. Негизи эле чыгармачылык жаш тандабайт. Башка мамлекетте ийгилик жаратуу оор. Бийди үйрөнүү үчүн мен көп иштедим, көп убакыт жумшадым. Анан да ар дайым алдыга умтулуу керек. Мен бул нерсени ушунча жылдан бери башыман өткөрүп, сезип-билип, ошонун жыйынтыгында айтып жатам.

© Фото / предоставлено Айгуль ДүйшеевойАйгүл Дүйшеева: бий мектебинде сабак берем. Ошондой эле ар ишемби сайын атайын бий кечелерди уюштуруп турабыз. Келгендерге кече бийлерин үйрөтүп, түрдүү конкурстарды уюштурабыз. Бул жакта топтошуп алып бий үйрөнүү кеңири жайылган
Танцовщица из Кыргызстана Айгуль Дүйшеева  - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Дүйшеева: бий мектебинде сабак берем. Ошондой эле ар ишемби сайын атайын бий кечелерди уюштуруп турабыз. Келгендерге кече бийлерин үйрөтүп, түрдүү конкурстарды уюштурабыз. Бул жакта топтошуп алып бий үйрөнүү кеңири жайылган

— Өзүңүз негизинен кайсы тармак боюнча билим алдыңыз эле?

— Экономика факультетин аяктаганмын. Экономистти кесипте Кыргызстанда Түндүк бажы кызматында беш жыл иштедим. 2014-жылы ал кызматтын түзүлгөнүнө 20 жыл болуп, китеп чыгыптыр. Китепке мен тууралуу да "Айгүл Дүйшеева деген инспектор иштеп кеткен" деп жазышкан экен. Бул мен үчүн абдан жагымдуу болду.

— Чет жакта ийгилик жаратуу оор. Ошентсе да сиз карьера деп жүрүп үй-бүлөлүк жашоону экинчи планга таштап койгон жоксузбу?

— 13 жаштагы кызым бар, атасы болуп чогуу жашайбыз. Кызым азыр бийлегенди абдан жакшы көрөт. Таланты ачыла баштады. Бий мектебине барат. Түрдүү конкурстарга катышып байгелүү орундарды алып жатат. Кызымдын бийди улантуусун каалайм элем. Болгон мүмкүнчүлүктү түзүп берип, колдоп жатам.

© Фото / Айгуль ДүйшееваАйгүл Дүйшеева: мекенди эч бир жер алмаштыра албайт. Кыргызстанда туулуп-өскөнүмө абдан сыймыктанам
Танцовщица из Кыргызстана Айгуль Дүйшеева  - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Дүйшеева: мекенди эч бир жер алмаштыра албайт. Кыргызстанда туулуп-өскөнүмө абдан сыймыктанам

— Кыргызстанды эстегенде оюңузга биринчи эмне келет?

— Дароо ата-энем, туугандарым, балам жана мекеним келет. Мекенди эч бир жер алмаштыра албайт. Кыргызстанда туулуп-өскөнүмө абдан сыймыктанам.

— Акыркы жолу Кыргызстанга качан келдиңиз?

— 2016-жылы жайда келип, бир ай жүрүп кеттим. Жыл сайын барып эс алып кетсем абдан жакшы болмок, бирок андай мүмкүнчүлүк болбойт. Андыктан ар эки жыл сайын барып турам.

Жаңылыктар түрмөгү
0