Мукай Элебаевдин күндөлүгүнөн. 76 жыл илгери жазылган ички сырлар

© flickr.com / Nicola Sap De MitriДевушка пишет на блокноте
Девушка пишет на блокноте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучу Мукай Элебаевдин 1940-жылдары жазган күндөлүгүнөн үзүндүлөрдү Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуңуз. Баса, күндөлүктүн тексти, үтүр, тамгалары өзгөртүлбөй берилди.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Элебаев өз күндөлүгүндө чыгармачылыгы, башка жазуучуларга болгон пикири жана күнүмдүк турмушу тууралуу жазган. Алардын айрымдарын назарыңыздарга сунуштайбыз.

Көп жамандан аз жакшы артык. 28/VII, 1941

Бирөөлөрдүн айыпталышы күнөөдөн эмес да, акталышы менен макталышы жазыксыздыгынан эмес. 28/VII, 1941

Адам кыйынчылыктан көрө электе гана коркот. 30/VII, 1941

Блокнотто жазып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
30-40-жылдардагы кыргыз каймактарынын кол жазмалары
…днын бир сотрудниги мени бир айдан бери кыйноого алып жүрөт. Кечөө көңлүмдү бузгандыгы ошончолук, таң аткыча бир көз ирмебей, кайнаган ачуу менен алышып чыктым. Акты каралап, караны актап жүргөндөр көп эмесби. 30/VII, 1941 

Уйкусуздук, акмактардын жанды кашайтканы, жок жерден чыккан талаш-тартыш, күндөлүк сансыз забота, дагы толуп жаткан ушундайлар мени далай асыл чыгармалардан каңтарды. 30/VII, 1941

Бир колхозчу мага мындай дейт:

— Сталиндин сөзүн уккандан кийин журт ушундай бир толкуду дейсиз… Же өлүм, же өмүр, "Эгер тигилер алчу болсо, биз баягы кулдукка кайра барат турбайбызбы?". "Аскерге жаз" деп жүргөндөр мындан көп. Ай, анын сөздү келтирип жазган экен. Эл ошондой толкуган эместир… 1/VIII, 1941 

© © manuscript.lib.kgМукай Элебаевдин күндөлүгү
Дневник писателя Мукая Элебаева - Sputnik Кыргызстан
Мукай Элебаевдин күндөлүгү

Дагы бир колхозчу:

— Ушу мен көптөн бери күтөм — аскерге чакырбай койду. Бир жолу мынамуну чакырды эле, кинишкаңды мага бер десем болбой койду. 1/VIII, 1941

Совет өкмөтүнүн адылдыгына өлгөнчө ишенем. Ал, айрым кишилердин барына ишене бербеймин. (Кайра кээ бирөөнөн корком да) Анткени мени далайлардын ичинен бөйдөсүнөн өлтүрүп коё тургандар да бар. 1/VIII, 1941

Согуш башталгандан бери жумуштан көңүлүм тынып отурган бир минута да болгон жок. 9/VIII, 41

Түгөлбай — барып турган кошоматчыл, арамзаа. 9/VIII, 41

Катасы болбогон кишиде акыл, ой да болбойт. 16/VIII, 41

Эгер мен кайнаган ысык, кумдуу чөл, кыртышсыз жерди көрбөсөм Ысык-Көлдүн баркын билбес элем. Бирок менин өмүрүмдүн көбү Ысык-Көлдөн бөтөн жерде өттү. 16/VIII, 41

Белгилүү кыргыз жазуучулары Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев (оңдо акыркы) Эркиндик бульварында эс алууда. Фрунзе 1940 - Sputnik Кыргызстан
Мукай Элебаев — өмүр баяны
Айыптуу, сөз кыла турган, күлө турган өздөрү туруп, өзгөлөрдү айыптап, сөккөндөр, күлгөндөр көп. 31/VIII, 1941

Аялдын жакшы жаманын барыдан мурун үй тутушу менен балдарынын тарбиясынан баамдаш керек. Жаман катындардын үйү бозокордукундай тартипсиз божурап жатат да, балдары сууга сийген тентек болот. Жакшыда бул экөөнүн бири да болбойт. 4/IX 1941

Бүгүн военный занятыяга Жоомарт мас болуп келди. Тантыды. 4/IX 1941

Кыргызстанда Адабият майданы түгүл, теги жер үстүнө залалдан бөлөгү жок жазуучуларды шыпырып айда деген укук мага берчү болсо бир чоң списка түзөр элем! Өкмөткө, жер үстүнө залалдан өзгөсү жок жазуучуларга!.. Амал жок, бизде кайта ошондойлордун чыгармалары биринчи баа менен көтөрүңкү коюлуп, акчаны чеңгелдеп алдыңкы даражада жүрөт. 9/IX, 41

Ичимдиктин эч нерсеге теңебей турган бир "касиети": жөнөкөйдө жылдап, айлап жетпей турган кишилер менен заматта тааныштырат. 12/IX 1941

Биздин кишилер ким ичинде жок болсо ошону жамандайт. 12/IX 1941

Союзда отурабыз.
— Сен өлүп көрсөңчү, мен бир жазып көрөйүн, кандай чыгар экен?— деди мага Токомбаев А.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов жана Бүбүсара Бейшеналиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир сүрөттүн тарыхы: Чыңгыз жана Бүбүсара! Бүбүсара жана Чыңгыз!
Ириген ооздон чириген сөз, деп ойлодум да:
— Тирүүнү жазып бүтүп, кыйрата элегиң өлгөн кишилер калдыбы? Бул эмне деген дөөрүгөн кебиң?— дедим. 16/IX 1941

Аалы өзү жактырган бир ырын бүгүн барлык басмага, радиого таратты. Аты: Пионер Мурат кантип баатыр болду. Ырды баштап окуган эле жерден "көркөм образдар" учурайт":

Сымаптай суусу туйлаган,
Район аты Ленин,
Селсоветим Алтынсай,
Колхоздун аты Калинин.

Кыргыздын орто мектеби
Номери анын он сегиз
Келе берет катыңыз
Асанов Мурат десеңиз…

Эң соңку, 1941-жыл, сентябрь айында, адабиятка жедеп "даанышман" болгон кезде жазып отурганы ушул! Эгер ушундай ырлар меники болсо күн көрсөтпөс эле. 16/IX 1941

Көркөм сөздүн күчү мысльда гана. 18/IX 1941

Жолдошко жагыш үчүн дүнйөң болуш керек эмес, жигит болуш керек. 2/X 1941

Тагдырды качан эле болсо чындык менен адилеттик чече бербейт. Кайта көп убактарда куулар менен митаамдар өтүп кетет. 2/X 1941

Мен жар деген нерсени журттан кем сүйбөймүн. Бирок, канчалык сүйгөн жарың болбосун, жигиттин кадырына чыга турган жигит гана. Ошентсе да бул сөз барлык заманга бирдей тийиш болбосу мүмкүн. 2/X 1941

"Корол Лирдин котормосун күйбөс ящикке салалы, бер деп сурап жатат" дейт Эшмамбетов. Менин ичимден күлкүм келди 9/X 1941

Жазуучу Кусейин Эсенкожоевдин Адабият жыйнагы китебинеги сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ачылбай калган каттар, жазылбай калган саптар. Кусейин Эсенкожоев тууралуу кызыктуу алты факты
Белгилүү жазуучунун күндөлүгү менен Илимдер академиясынын сайтынан таанышсаңыз болот. Ал күндөлүгүн кириллица, латын жана араб арибдери менен жазган.

Бул кол жазмалар фонду Кыргызстандын ачык билим булактарын өнүктүрүү программасынын алкагында Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунун демилгеси менен түзүлүп, "Биздин Мурас" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0