"Ата керээзи" тасмасы Индиядагы кинофестивалга катышат

© Фото / Дастан Жапар уулуФильм "Завещание отца" ("Атанын керээзи")
Фильм Завещание отца (Атанын керээзи) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогузунчу жолу өтүп жаткан фестивалда 50 өлкөнүн 180ден ашуун тасмасы көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасы Индияда өтө турган кинофестивалга катышат. Бул тууралуу кинематография департаменти билдирди.

Сүтак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" менен "Рахмат, дарыгер!" Франциядагы фестивалда ат салышат
Маалыматка ылайык, аталган эл аралык кинофестиваль 2-февралдан 9-февралга чейин Индиянын Бангалор жана Майсур шаарларында өтөт.

Тогузунчу жолу өтүп жаткан фестивалда 50 өлкөнүн 180ден ашык фильми көрсөтүлөт. Анда "Ата керээзи" тасмасы "Азиянын киносу" сынагына киргизилген.

Кошумчалай кетсек, аталган кинофестивалга буга чейин дагы кыргыз тасмалары катышкан. Алсак, 2012-жылы Эркин Салиевдин "Ханбийке Назик" жана 2016-жылы Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмалары катышып байгелүү кайтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0