Англиядан келген режиссер кыргыз драма театрында "Макбет" спектаклин коёт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский национальный академический драматический театр имени Т. Абдумомунова
Кыргызский национальный академический драматический театр имени Т. Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы пландар боюнча аталган спектакль Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында күз айларына жакын коюлат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Англиялык драматург Уильям Шекспирдин "Глобус" театрынын режиссеру жана актрисасы Сара Жейн Бергер 20-21-мартта эки жумага Кыргызстанга келип, "Макбет" спектаклин коюу иштерин талкуулайт. Бул туурасында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темирова Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Ал аталган спектакль Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюларын айтты.

"Бир чети 21-мартта Ноорузду көрүп, театрыбыздын 90 жылдык юбилейине катышып, Кыргызстан менен таанышайын деген окшойт. Албетте, негизги максат — артисттер менен таанышып, "Макбеттеги" кайсы ролду кайсы актер ойнорун пландап, аныктоо. Ал эми күзүндө, буюрса репетиция башталат", — деди Темирова.

Ал"Макбетти" Кыргызстандын театр сахнасына алып чыгууда кеткен каражаттарды демилге көтөргөн тарап көтөрө турганын кошумчалады.

Вручение национальной кинопремии Кыргызской Республики Ак Илбирс - Sputnik Кыргызстан
"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды
"Репетиция башталып, үзгүлтүксүз жүрсө, балким, сезонду аталган спектакль менен ачып калышыбыз да мүмкүн. Кезегинде Сара Жейн Бергер өзү да Макбет айымды ойногон экен. Ал эми актерлордун курамы боюнча айтсак, башкы ролду ойноо үчүн Англиядан эки актер келет, ал эми экинчи курамда башкы роль биздин театрдын артисттерине берилет", — деди ал.

"Макбет" — Уильям Шекспирдин белгилүү трагедияларынын бири. Чыгарма Шотландия падышасы Макбеттин жашоосунан алып жазылган. Анда Шекспир бийликке жетүү үчүн адамдардын жан талашуусу, достордун сатып кетүүсү, адамзаттын утурумдук кызыкчылык үчүн пендечилиги чагылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0