Келинге тиешелүү 12 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование дня города Бишкек
Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илгертеден кыргызда келиндин кайын-журттагы орду чоң мааниге ээ болуп келген. Алардын ар бир жасаган кыймылы көңүл чордондо болуп, аларга коюлган талаптар да катуу болгон. Келиндин баскан-турганы, кыймыл-аракети анын тарбиясынан кабар берип турган. Бул салт бүгүнкү күндө да маанисин жоготпой муундан-муунга өтүп келе жатат.

Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Динара Молдокулова келиндерге тиешелүү илгертен келе жаткан эрежелерди тизмектеп, алардын себептерин айтып берди.

Латыш келин Анастасия Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы кайын журтунда уй саап жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: Ат-Башыга барып уй саап, нан жапканды үйрөндүм
Келин кайната, кайненесинин, ошондой эле жолдошунун улгайган туугандарынын жолун кесип өтпөшү керек. Бул ал адамдарга болгон сый, ийменүү. Эгерде кары адамдарды көзгө илбей, жолун кесип өтүп кетсе, алардан "жолуң байлангыр" деген каргыш уккан.

Келин кайнатасына эч качан артын, далын салбашы керек. Бул ага карата болгон сыйдын бир түрү деп саналып келген. Андан алысыраак отурса да, ал тарапка карап бурулган эмес, үйдөн чыгып бара жаткан учурда да аркасы менен кетенчиктеп чыкчу.

Кайнатасына, кайын журтунун улгайган эркек адамдарына тик карап сүйлөөгө болбойт. Бул келиндин аларга болгон сый-урматынан, абийиринен кабар берет. Көзүн карап сүйлөгөн келиндер тикчиңдеген, тартиби жок кыз катары эсептелген.

Келин кайын журтунун үйүнө барганда төр жакка отурбайт. Кайнатасы тирүү турганда төрдү баспайт. 

Кайын журтунун, кайната, кайнененин көзүнчө катуу күлүүгө болбойт. Бул анын ыйманынан кабар берет.

Келин кары кишинин, кайын журтунун жана өзүнүн ата-энесинин көзүнчө баласын эмизбейт. Колдон келишинче өзүнчө бөлмөгө кирип баланын курсагын тойгузат. Бул келиндин ыйманынан кабар берет.

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Өкүл ата, өкүл эне эмне себептен, качан, кантип тандалат
Келин кайнатасы отурган орунга отурбайт, кийимин тебелебейт, аттабайт, кийбейт. Мунун себеби аларга болгон сый, экинчиден кыргыздарда келин кайнатасынын төшөгүн тебелесе анын кусуру же каары уруп, келин ооруп калат деген ишеним болгон.

Тамак салынган идишти сол кол менен сунууга жана түртүп берүүгө болбойт. Чай куюлган чыныны, тамак салынган идишти оң кол менен сунат. Чыныны сол кол менен берип же түртүп берүү сыйлабастык болуп калат. Аны алар да оң колу менен алуусу кажет.

Сынык, кетик чыныга чай куюп берүүгө болбойт. Бул биринчиден келген конокту сыйлабастыкка жатат. Кетик идишке тамак, чай ичкен адамдын ырысы кем болуп калат деген түшүнүк болгон.

Келин казанды көмкөрүп койбошу керек. Айрым маалыматтар боюнча казан көмкөрүлүп турганда бетине ырыскы түшпөй, ырыскысы кем болуп калат деп айтылып жүрөт.

Кир идишти түнгө калтырбайт. Кир идишти түн ичинде калтырса шайтан аралайт деп айтылат. 

Үйгө келген коноктор менен босогодо туруп учурашпайт, коштошпойт. Босогону душман киши басат деп коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0