"Сүтак" менен "Рахмат, дарыгер!" Франциядагы фестивалда ат салышат

© Фото / предоставлено Алтынай Койчумановой"Сүтак" тасмасынан кадр. Архив
Сүтак тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык кинофестиваль Франциянын Везуль шаарында 7-14-февраль күндөрү өтөт.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik.  Францияда өтө турган Азия киносунун эл аралык фестивалына Кыргызстандын атынан эки тасма катыша турганын Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Кинорежиссер, сценарист Дальмира Тилепбергенова - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Дальмира Тилепбергенова эл аралык кинофестивалдын калыстар тобуна кирди
Маалыматка ылайык, 23-ирет өтүүчү сынакта 90 фильм менен биргеликте Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" жана Адилет Каржоевдин "Рахмат, дарыгер!" тасмалары ат салышмакчы. Мында Каржоевдин фильми даректүү тасма конкурсуна катышса, Абдыкалыковдун тасмасы "Азиянын кино жүздөрү" программасында күч сынашат.

Эскерте кетсек, 2003-жылы аталган фестивалга катышкан Марат Сарулунун "Алтын кыргоол" тасмасы баш байгени жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0