1000 комузчунун "Маш ботойду" чертиши Гиннес китебине кирбей калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарындагы 1000 комузчунун бир убакта Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн чертиши
Көчмөндөр оюндарындагы 1000 комузчунун бир убакта Атай Огонбаевдин Маш ботой күүсүн чертиши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын сентябрь айында Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюндары өтүп, анын ачылышында 1000 комузчу "Маш ботой" күүсүн черткен. Бул саамалыкты Гиннес китебине киргизүү демилгеленген.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарындагы 1000 комузчунун бир убакта Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн чертиши Гиннес китебине кирбей калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине оюндарды уюштуруу тобунун координатору Дарика Асылбашева билдирди.

Ачылыш салтанаты 3-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, уюштуруучулар комузчулардын саамалыгын Гиннес китебине киргизүү боюнча өтүнүч кат даярдай тургандыктарын жар салышкан.

"Ооба, сунуш жөнөткөнбүз, бирок катталуу үчүн 17 миң фунт стерлинг талап кылынат экен. Мындан улам биз бул демилгеден баш тартканбыз", — деди Асылбашева.

Көчмөндөр оюндары былтыр экинчи жолу өтүп, анда ар кайсы өлкөдөн келген спортчулар улуттук спорт оюндарынын 26 түрү боюнча ат салышкан.

"Маш ботой" күүсү тууралуу 7 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0