Кыргызстандын мыкты китепканалары аныкталды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОткрытие выставки "Очарованная душа. К 150-летию Ромена Роллана"
Открытие выставки Очарованная душа. К 150-летию Ромена Роллана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кароо-сынакка жалпысынан 1061 китепкана катышкан.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда "Эң мыкты китепкана", "Эң начар китепкана" аттуу республикалык кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Республикалык сынактын жыйынтыгында калыстар тобу мыкты китепканаларды аныктады.

"Мыкты китепканалардын катарына Баткен облусунун Бужум айылынын китепканасы баш болуп, Жалал-Абад облусунун китепканасы, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн китепканасы, Нарындын Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы китепкана, Ош облусунун Токтогул Сатылганов атындагы китепканасы, Талас облусунун аман Токтогулов атындагы китепканасы жана Чүй облустук китепканасы киргизилген", — деп жазылат маалыматта. 

Кароо-сынакка жалпысынан 1061 китепкана катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0