10:01 20 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Ырчы Мирбек Атабековдун архивдик сүрөтү

Кыргыз-казак обондору: коңшудан келип хитке айланган ырлар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
181930

Маданият кызматкерлеринин айтымында, 2006-жылдан тарта кыргыз шоу бизнесинде казак ырларын которуп ырдаган ырчылардын саны өскөн. Бирок соңку төрт-беш жылдан бери кайра казак ырчылары Ала-Тоодон ыр ташый баштаганы байкалат.

Айрымдар муну "алмайдын бермейи бар" деп түшүндүрсө, кээ бирлери эзелтен бери келаткан эки элдин маданий байланышы катары кабылдайт. Sputnik Кыргызстан агенттиги эки элде тең аткарылып хит болгон ырларды тизмектеди. 

1. Сөзү Кундуз Качкынбаевага, обону Мирбек Атабековго таандык "Күндөр жаңырат" ырын казакстандык ырчы Марсель "Асыл жаным ай" деп ырдап чыккан.

2. Сөзү, обону Чубак Сатаевге таандык "Арман" аттуу ыры ушул күнгө чейин казак элинде да популярдуулугун жоготкон эмес. Ал чыгарманы учурда "Музарт" тобу аткарууда. 

3. Сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону Нурлан Насипге таандык "Тунук махабат" ырын Төрегали Төреали менен Серик Ибрагимов "Он сегиз плюс" деп ырдап чыгышкан. 

4. Ал эми сөзү, обону Түгөлбай Казаковго таандык "Жамгыр төктү" чыгармасы казакстандык ырчы Кудайберген Бекиштин аткаруусунда. Мындан башка да бир нече ырчылар ырдаган. 

5. Кыргызстанда эки-үч жыл бою тойлордо тынбай жаңырып турган сөзү Жылдызбек Абдраимовго, обону Мирлан Алымкуловго таандык "Жоролор" тобунун аткаруусундагы "Кызыл өрүк" аттуу ырды казакстандык ырчы Акылбек Жеменей да ырдап чыгып өлкө боюнча хит ырга айланган.

6. Популярдуулугун көпкө чейин жоготпогон сөзү Алтынбек Алымовго, обону Ильяз Абдразаковго таандык "Жаным ай" аттуу ырды казакстандык ырчы Бейбит Корган "Шок кыздар" деп ырдап чыккан. 

7. Сөзү Жылдызбек Турсунбаевге, обону Нурлан Насипке таандык "Бүгүн сенин туулган күнүң" аттуу ырды белгилүү ырчы Кайрат Нуртас аткарган. 

8. Лейлектик кызга ашыктык сезимдерин арнаган сөзү, обону Гүлжигит Сатыбековго таандык "Лейлектик кызга" аттуу чыгармасын Нурым Куаныш аттуу ырчы "Ой женге" деп ырдап чыккан. 

9. Сөзү, обону Мирбек Атабековге таандык "Суранымын" атту ырды, Кайрат Нуртас да өз репертуарынын катарына кошкон. 

Ошол эле учурда Казакстанда эл оозуна алынган чыгармаларды кыргыз ырчыларынын аткарган учуру да аз эмес.

10. Кайрат Нуртастын "Он алты кыз" аттуу ырын кыргызстандык ырчы Макс мырза которуп ырдап чыккан. 

11. Ошондой эле Нооруз Алымбаев казактын "Көк жөтөл" аттуу ырын аткаруу менен шоу-бизнеске жаңы кадам таштагына карабай популярдуулукка жетишкен.

12. Кайрат Нуртастын "Татына кыз" деген ырын кыргызстандык жаш ырчы Кылыч Эдик ырдап жүрөт.

Тема боюнча

Ырчы Нурмат Садыров: жашоодогу "торгоюмду" таба элекмин
Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси
Белгилер:
ырдоо, чыгарма, ырчылар, Казакстан, Кыргызстан