"Азия MIX" эртең Сочиде баштала турган "КиВиН-2017" фестивалына катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Instagram пользователя asiamix_kvn. Члены команды "Азия MIX" в Сочи
Снимок с социальной сети Instagram пользователя asiamix_kvn.  Члены команды Азия MIX в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КВН эл аралык фестивалы Сочиде 10-23-январь күндөрү өтөт. Анын жыйынтыгы менен КВНдин Эл аралык союзунун расмий лигасынын курамы аныкталат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү "КиВиН-2017" фестивалына катышуу үчүн учуп кеткенин топтун Instagram тармагындагы баракчасында жарыяланды. 

Эртең Сочинин Кышкы театрында эл аралык фестивалдын тандоо туру өтүп, ал 23-январга чейин уланат. КВНдин расмий сайтында быйыл фестивалга Россия, Армения, Белоруссия, Улуу Британия, Грузия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Эстония, Тажикстан, Абхазия жана Украинадан 640 команданын катышары жазылган. 

До 23-го #азиямикс в Сочи. #квн #сочи #сочи2017 Эрма на кипише))) #28сочинскийфестиваль #чемпионы

Фото опубликовано Команда КВН "Aзия Mix" (@asiamix_kvn) Янв 6 2017 в 4:12 PST

Фестивалдын жыйынтыгы менен КВНдин Эл аралык союзунун расмий лигасынын курамы аныкталат.

Эскерте кетсек, "Азия MIX" КВНдин Жогорку лигасынын мааракелик 55-оюнунун жеңүүчүсү болуп эсептелет.

"Азия MIX" командасы менен кызыктуу маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0