МузАман тобу: бизди бир топко барып калган кишилер деп ойлошот экен

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастники музыкальной группы "Музаман"
Участники музыкальной группы Музаман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мен иш учурунда мынчалык күлгөн эмесмин! Дегеним, бул топтун балдарын сыртынан бардыгы олуттуу, бир мүнөз деп ойлошу мүмкүн. Бирок сүйлөшө келгенде үчөө тең куйкум тамаша, кыраан каткырык менен эсти оодарат экен.

— Жаңы жылыңар менен, жигиттер. Алгач өзүңүздөр тууралуу айтып берсеңиздер?

Эстрада ырчысы Нурмат Садыров маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Нурмат Садыров: жашоодогу "торгоюмду" таба элекмин
— Мен Мамырбай уулу Алымкул. Талас облусунун Шекер айылынан болом. Үй-бүлөлүүмүн, бир кызым бар. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институнда эстрада бөлүмүндө окутуучумун. 

— Мен Мукамбет уулу Аксайбек. Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлүп, Токмок шаарында чоңойгом. Мен дагы Искусство институтун аяктап, мугалим болуп калгам. Дирижерлук кафедрасында вокалдан сабак берем. Чек ара ансамблинде дагы солист болуп эмгектенем. Үй-бүлөлүүмүн, бир кызым бар. 

— Атым Тариел Токмергенов. Чүй облусунун Орловка шаарчасынан болом. Жүрөгүм бош, бойдокмун. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМузАман тобунун мүчөсү Мукамбат уулу Аксай: Дадагаң — секетиң кетейин деген сыяктуу эркелетүүнүн бир түрү. Бул ырдын автору белгилүү пародист, куудул, ыраматылык Жаныбек Алыкулов
Музыкальный коллектив Музаман - Sputnik Кыргызстан
МузАман тобунун мүчөсү Мукамбат уулу Аксай: Дадагаң — секетиң кетейин деген сыяктуу эркелетүүнүн бир түрү. Бул ырдын автору белгилүү пародист, куудул, ыраматылык Жаныбек Алыкулов

— Жашыңыздар тууралуу да айта кетсеңиздер?

Аксай: — 18. Тамаша, үчөөбүз тең 1990-жылы төрөлгөнбүз. 

— Топ кандайча түзүлүп калды эле? Аталышы эмнеге МузАман?

Эстрадная исполнительница Гульнара Тойгонбаева - Sputnik Кыргызстан
Гүлнара Тойгонбаева: кызым Күнай сырдашканга жарап калды
Алымкул: — Биз чогуу окуп, бир жатаканада жашаганбыз. Ошол жактан башыбыз бириккен. Топ түзүлө электе "Ата Журт" деген ырды чогуу ырдап жүрчүбүз. Анан кечелерге чакырганда баарыңардын атыңарды бирден атап отурбай топ болуп чыкпайсыңарбы деген сунуш болгон. Жоро-жолдоштор менен кеңешип отуруп, топ түзөлү деген чечимге келдик. МузАман деген идея "Манас" эпосундагы Ырамандын ырчы уулу дегенден алынган. Биз заманбап, элге түшүнүктүү болсун деп ЫРдын ордуна АМАН деп койдук. "Музыканын заманы аман" дегенди түшүндүрөт. 

— Билишимче азыр продюсери жок өзүңүздөр эле иштеп келесиздер?

Алымкул: — Менин продюсерим экөө. Экөөнүкү мен (күлүп). 

— Өз киндигиңерди өзүңөр кесип дегендейби?

Тариел: — Ооба, өтүгүбүздү төргө илип дегендей.
Аксай: — Продюсери жок эле иштеп келгенбиз. Жумуштун көптүгүнөн жакында өзүбүзгө менеджер алганбыз. Буюрса, жакшы иштешебиз деген ойдобуз. 

— Көбү улуу көрүнөсүңөр деп айтышса керек. Мен деле сиздерди 35-40 жаштагы адамдар болсо керек деп ойлоптурмун?

Үчөө тең: — Өөлаа, өлдүк го (каткырып).
Тариел: — Биз жаш, энергиялуу балдарбыз. Табият менен туура эле жашап жатабыз го деп ойлойм. Биз деле кремден сүйкөнүп алсак болмок экен.
Алымкул: — Жанагы алаасы тизеге жеткен шымдардан кийип, кызыл-тазылдан жонго илип дегендей…
Аксай: — Анан жасап сүйлөп…
Тариел: — Ну вот знаете, почему деппи? 

© Sputnik / Табылды КадырбековМузАман тобунун мүчөсү Мамырбай уулу Алымкул: бизге чейин ушул эле "Кыргызстанымды" башка ырчылар дагы ырдап көргөндө президент "мен минтип ырдаган эмесмин" дептир. Ошол себептен бизге башында "үтүрүнө дагы тийбей, эч жерин бузбай ырдагыла" деген талап болгон
Музыкальный коллектив Музаман - Sputnik Кыргызстан
МузАман тобунун мүчөсү Мамырбай уулу Алымкул: бизге чейин ушул эле "Кыргызстанымды" башка ырчылар дагы ырдап көргөндө президент "мен минтип ырдаган эмесмин" дептир. Ошол себептен бизге башында "үтүрүнө дагы тийбей, эч жерин бузбай ырдагыла" деген талап болгон
— Ой, мен сыртыңыздардан бир караганда улуураак көрүнөсүздөр дедим…

Тариел: — Сыртыбыз эмес, ичибиз деле жапжаш.
Алымкул: — Тамаша. Ооба, чындыгында көптөр ошентип айтышат. Өзгөчө мени улуу көрүнөсүң дешет. 

— Эл алдында өзүңүздөрдү олуттуу алып жүргөнүңүздөн болсо керек да?

Алымкул: — Өзүбүз мугалим болсок, беш жыл окуп, иштегенибизге төрт жылдын жүзү болуп калды. Анан биз так секирип жүрсөк окуучуларыбыз эртең эмне болот? 
Аксай: — Бирок өзүбүз менен тең окуучуларыбыз бар. 
Тариел: — Биз башка жерлерге барганда так секиребиз. 

— Олуттуу дейин десем, мүнөзүңүздөр абдан шайыр экен?

Тариел: — Кезиккен кишилер деле таптакыр башка турбайсыңарбы дешет. 
Аксай: — Сүйлөшкөндө кишини эриктирбейсиңер дешет. 

— Азыр популярдуу болуп жаткан "Дадагаң" аттуу ырыңыздар тууралуу сүйлөшсөк. Аталышы эмнеге андай, кимдин сунушу менен ырдап калдыңыздар?

Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Токторов: "Буй-буйду" ырдаганда көбү мени ичип алган окшойт дешет экен
Аксай: — Дадагаң — секетиң кетейин деген сыяктуу эркелетүүнүн бир түрү. Бул ырдын автору белгилүү пародист, куудул, ыраматылык Жаныбек Алыкулов. Ал киши Токтогулдан болгондуктан, "дадагаң" деген эркелетүү ал жакта көп айтылат экен. Бизге чейин эч ким ырдай элек болчу. Жакшы чыгармалардын бири болду деп ишенимдүү айта алабыз. 
Алымкул: — Элге бат сиңип кеткен ыр болду. Клибин дос балабыз Улук Абдижамилов менен ойлонуштуруп отуруп тарттык. 

— Ырдын сөзүн, обонун жаратыш үчүн кимдер менен иштешесиздер?

Аксай: — Биз өзүбүзгө жаккан ырды ырдап коёбуз же бизге сунушташат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМузАман тобунун мүчөсү Тариел Токмергенов: биз жаш, энергиялуу балдарбыз. Табият менен туура эле жашап жатабыз го деп ойлойм. Биз деле кремден сүйкөнүп алсак болмок экен
Музыкальный коллектив Музаман - Sputnik Кыргызстан
МузАман тобунун мүчөсү Тариел Токмергенов: биз жаш, энергиялуу балдарбыз. Табият менен туура эле жашап жатабыз го деп ойлойм. Биз деле кремден сүйкөнүп алсак болмок экен

— Ошондо сиздер жылдыз болууга ашыкпай, каалооңорго жараша ырдайсыңар десем жаңылышпаймбы?

Аксай: — Бизге айрымдар "агай, бир ай вокал өтүп кой, мен жылдыз болот элем" деп келишет. Бизде андай түшүнүк жок. Элден ашып кетпей, калып калбай, өз калыбыбызда иштеп жатабыз. Себеби жумушубуз бар. Ырдай турчу учурда ырдап коёбуз. Өзүбүздүн угармандарыбыз, күйөрмандарыбыз үчүн жылдыз элебиз. 

— Башында бардыгы топ болуп түзүлүп, аты чыгып калганда жеке ырчы болуп кетип жатышпайбы? Силерде мындай ойлор жокпу?

Кыргыз фольклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Анара Шайымкулова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Анара Шайымкулова: кайнагам Айбек Карымовдон кеңеш сурагандан тартынам
Алымкул: — Кыйынчылык менен түптөлгөн нерсенин пайдубалы бекем болот деп коет. Шаарга келип окууга тапшырып, жатаканадан бирде ток, бирде ач болуп жашаган балдарбыз. 
Тариел: — Ыр жаздырып келгенде ар кандай учурлар болот. Кыйынчылык кезде ары турчу дегендер болгон. Жигиттер сахнада ырдаш үчүн силердей болбойт, жарабайсыңар деген сөздөрдү укканбыз.
Алымкул: — Анан ушундай кыйынчылык менен түптөлүп тарап кеткен болбойт го. Канча бир убакыттан кийин легендага айланып, өмүрү узун топтордун катарын толуктагыбыз келет.

Аксай: — Биздики вокалдык группа. Айрым топтордо бир солист, калганы инструменталдык түзүм болуп саналат. Биз элибизге атактуу "Ялла" тобундай ат калтыргыбыз келет. 

— Алдыда кандай пландарыңыздар бар?

Алымкул: — Максат Кулуев агабыздын "Түшүнбөдүң" аттуу лирикалык ырын ырдап чыкканбыз, жакында клибин чыгарабыз. 
Аксай: — Бир ай мурун президенттик аппараттан жана Коомдук биринчи каналдан түзүлгөн комиссия тарабынан ажобуз Алмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" аттуу ырын аткарып чыккыла деген сунуш түшкөн. Алгач ойлонуп анан жообун бердик. Анткени бизге чейин ажонун башка ырларын ырдагандарга "автордук укукту сакташкан жок" деген сөздөрдү айтканын укканбыз. Ошолордун баарын тактап, комиссия силерди тандады дегенден кийин макулдугубузду бердик. Анан ырды жаздырып комиссияга жөнөтсөк, ал жактан жактырышыптыр.
Алымкул: — Бизге чейин ушул эле "Кыргызстанымды" башка ырчылар дагы ырдап көргөндө президент "мен минтип ырдаган эмесмин" дептир. Ошол себептен бизге башында "үтүрүнө дагы тийбей, эч жерин бузбай ырдагыла" деген талап болгон. 
Тариел: — Өзүндөй кылып ырдап салдык дебейбиз. Бирок музыкадан чыкпаганга аракет жасадык.

Жаңылыктар түрмөгү
0