Кыргызстандагы эң мыкты 7 маданият үйү аныкталды

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРКара-Балтинский дом культуры им. В.И.Ленина
Кара-Балтинский дом культуры им. В.И.Ленина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка республика боюнча жалпы 704 маданият үйү катышкан.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы эң мыкты маданият үйлөрү аныкталганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, министрлик өлкөнүн эң мыкты жана эң начар маданият үйлөрүн аныктоо максатында сынак жарыялаган. Ага жалпы 704 клуб катышкан. Натыйжада республика боюнча жети маданият үйү мыкты деп табылды. 

Алар: 

  1. Баткен облусу — Лейлек районуна караштуу Кара-Булак айылындагы маданият үйү;
  2. Жалал-Абад облусу — Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылы, Токтогул районундагы Саргата айылындагы К.Жаманбаев атындагы маданият үйү; 
  3. Ысык-Көл облусу — Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын маданият үйү;
  4. Нарын облусу — Кочкор районундагы Исакеев айылына караштуу И.Тентимишев атындагы маданият үйү;
  5. Ош облусу — Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылындагы маданият үйү;
  6. Талас облусу — Кара-Буура районундагы Шекер айылынын маданият үйү;
  7. Чүй облусу — Кара-Балтадагы Ленин атындагы маданият үйү.

Жаңылыктар түрмөгү
0