Ош: Кара-Сууда бир жума күнү-түнү Манас айтылат

Жазылуу
Салтка айланган тынбай Манас айтуу иш-чарасы буга чейин былтыр Бишкекте 27-ноябрда башталып, 4-декабрда чоң салтанат менен жыйынтыкталган.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда жети күн бою тынбай Манас айтуу иш-чарасы өтө турганын белгилүү манасчы Улан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара жергиликтүү бийликтин демилгеси менен өтмөкчү.

"Саякбай манасчы" фондусуна Кара-Суу районунун администрациясы тарабынан ушундай сунуш түштү. Райондук деңгээлде өтө турган иш-чараны март айына пландаштырып жатабыз", — деди Исмаилов.

Ал Манас айтууга манасчылардын дээрлик бардыгы барарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, салтка айланган тынбай Манас айтуу иш-чарасы былтыр Бишкекте 27-ноябрда башталып, 4-декабрда чоң салтанат менен жыйынтыкталган

Жаңылыктар түрмөгү
0