Манасчыларга арналган китеп жарыкка чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк Көчмөндөр оюнун ачылышы
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун ачылышы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепте Китепте Ырамандын Ырчы уулунан баштап бүгүнкү күндүн манасчыларына чейинки өнөрпоздордун өмүр таржымалы, манасчылыкты жайылтуудагы эмгеги, айтуучулук өзгөчөлүгү камтылган.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бүгүнкү күндүн белгилүү манасчылары Рысбек Исаков менен Улан Исмаиловго таандык кыргыз элинин манасчыларына арналган китеп жарыкка чыгарын авторлордун бири билдирди.

Исмаиловдун айтымында, 1000 нуска менен чыга турган китеп "Саякбай манасчы" эл аралык фондусунун колдоосу менен тартууланганы турат.

"Китепте Ырамандын Ырчы уулунан баштап бүгүнкү күндүн манасчыларына чейинки өнөрпоздордун өмүр таржымалы, манасчылыкты жайылтуудагы эмгеги, айтуучулук өзгөчөлүгү камтылган", — деди манасчы.

"Манасчылар" китебинин бет ачары январь айынын башына белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0