Примбердиев "Голос" шоусунун финалынан кийин "Вечерний Ургант" берүүсүнө барат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанский исполнитель Кайрат Примбердиев. Фото со страницы в Instagram
Кыргызстанский исполнитель Кайрат Примбердиев. Фото со страницы в Instagram - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кечинде "Голос" теледолбоорунун жеңүүчүсү аныкталат. Финалдан кийин кыргыз ырчысы белгилүү "Вечерний Ургант" шоу-программасына тартылат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бүгүн кечинде кыргыз ырчысы Кайрат Примбердиев "Вечерний Ургант" аттуу белгилүү шоу-программасына чыгат. Бул тууралуу музыкант өзүнүн Instagram баракчасында билдирди. 

"Вечерний Ургант" программасынын жаңы жылдык чыгарылышында шоунун финалисттери Кайрат Примбердиев, Сардор Милано, Дарья Антонюк жана Александр Панайотов, ошондой эле "Викинг" фильминде башкы ролду жараткан Данила Козловский конокто болушат.

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев: мекендештердин колдоосун алыста болсом да сезип жаттым
Иван Урганттын ушул жылдагы жыйынтыктоочу программасы Москва убактысы боюнча саат 23:45те "Голос" музыкалык долбоорунун финалынан кийин дароо көрсөтүлөт.

Кыргызстандык ырчы сентябрь айынан бери Биринчи каналдын "Голос" аттуу музыкалык долбоорго катышууда. 24-декабрда ал Дженнифер Хадсондун версиясындагы белгилүү "And I am telling you" ырын аткарып финалга өткөн. Бүгүнкү жыйынтыктоочу турда Примбердиев үч финалист менен ат салышат. Тактап айтканда, Александр Панайотов (Григорий Лепстин командасы), Сардор Милано (Полина Гагаринанын командасы) жана Дарья Антонюк (Леонид Агутиндин командасы) менен атаандашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0