"Ата керээзи" "Ника", Садык Шер-Нияз, Элина Абай кызы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлдү

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүү"Ника" киносыйлыгы. Архив
Ника киносыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ күнү Кинематографисттер союзунун жыйыны өтүп, анда бул жылы өзгөчөлөнгөн адамдарды жана тасмаларды сыйлыкка көрсөтүү чечими кабыл алынды.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасы "Ника" сыйлыгына, ал эми "Курманжан датка" тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз, сценарийдин автору Бакытбек Турдубаев, оператор-постановщик Мурат Алиев жана актрисалар Назира Мамбетова менен Элина Абай кызы Токтогул сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун Ата керээзи тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы "Оскардын" кыска тизмесине кире албай калды
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-декабрь күнү, Кинематографисттер союзунун жыйыны өтүп, анда бул жылы өзгөчөлөнгөн адамдарды жана тасмаларды сыйлыкка көрсөтүү чечими кабыл алынды. 

Мындан сырткары, жыйында Кинематографисттер союзунун 55 жылдыгына карата 2017-жылдын октябрь айында КМШ кинематографисттеринин форумун өткөрүү чечими кабыл алынды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0