"Манас" эпосун тереңден үйрөнүүгө жол ачыла турган болду

© Sputnik / Нургуль МаксутоваМанас эпосу. Архив
Манас эпосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манасчы Рысбай Исаков учурда элдин калың катмары эпосту жакшы билбейт деген пикирде. Окуу курсу эки айга созулуп, каалоочулардын курагына чектөө коюлбайт.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "Саякбай манасчы" эл аралык фондусу "Манас" эпосун жайылтуу, тереңден үйрөтүү максатында окуу курстарын уюштуруп жатканын белгилүү манасчы Рысбай Исаков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуу курсу учурда манасчылыкка талпынып жүргөн манасчыларга багыт берүү, аларды тарбиялоо максатында уюштурулуп жатат.

"Ушу тапта "Манас" деп кыйкырганыбыз менен керек болсо бийлик башындагылар тереңин мындай коелу, эпостогу каармандардын аттарын укканы менен өздөрүн жакшы билбейт экен. Кыргыздардын муну билбей турганы уят. Жер-жерлерди кыдырганда көрүп калып жатабыз, ак сакал карыяларыбыздын Манас тууралуу маалыматы жок. Демек, кыргыз бүгүнкү күндө Манасы жок тарбияланып жатыптыр. Мына ушул кемчиликти жоюу максатын көздөп алдык", — деди Исаков.

Фонддун мүчөсү аталган сабак үч багытта — манасчылык өнөр, Манас таануу жана Манас эпосун тереңдетип окуу жаатында өтүлөрүн, катышуучулардын жаш курагы чектелбей турганын белгиледи.

Манасчынын айтымында, окуу курсу эки айга созулуп, андан өткөндөргө сертификат тапшырылат.

Кыргыз элинин океан эпосу болгон "Манас" туурасында кеңири түзүлгөн тестти Sputnik Кыргызстандын төмөнкү шилтемесинен көрө аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0