19:45 21 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2800
  • EUR78.6381
  • RUB1.0704
Участница Азии MIX Ситора Фармонова

Ситора Фармонова: убадалагандай эле эми турмушка чыгам

© Фото / предоставлено Ситорой Фармоновой
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
"Азия MIX" командасынын жеңиши (22)
338361

"Азия MIX" командасы жогорку лигада жеңишке жетишкенден кийин Ситора Фармонова көпчүлүктөн "эми качан тойго барабыз?" деген суроону көп укканын белгиледи.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. "Азия MIX" командасынын мүчөсү Ситора Фармонова команданын жогорку лигадагы жеңишинен кийин турмушка чыгарын убадалагандай эле жакын арада ак жоолук салына турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Жума күнү "Азия MIX" командасы жогорку лиганын финалында жеңишке жетип, 2016-жылдын чемпиону аталган

"Оюндун жыйынтыгы жарыялангандан кийин мен ыйлап ийдим. Карасам, Эрма (Эрмек Кененсаров) менен Рася (Ростислав Ященко) дагы көзүнө жаш алыптыр. Негизи эле кубанычтан ыйлабаган киши калган жок", — деди Фармонова. 

Анын айтымында, оюндун алдында команда мүчөлөрү уйкудан калып, күнү-түнү иштешкен. 

"Репетиция маалында ар бир кыймылыбызды, атургай көз караштарыбызга чейин улам-улам кайталап даярдаганбыз. Кыскасы, болгон күчүбүздү бергенбиз", — деди Ситора. 

Кавээнчи кыз мурдараак Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде команда жогорку лигада жеңишке жетишери менен турмушка чыга турганын билдирген. Өзүнүн айтымында, ал интервьюдан кийин көпчүлүктү Ситора сөзүнө турар-турбасы кызыктырып калган. 

Участница Азии MIX Ситора Фармонова на финальной игре Высшей лиги КВН
© Фото / предоставлено Ситорой Фармоновой
"Азия MIX" командасынын мүчөсү Ситора Фармонова: Оюндун жыйынтыгы жарыялангандан кийин мен ыйлап ийдим. Карасам, Эрма (Эрмек Кененсаров) менен Рася (Ростислав Ященко) дагы көзүнө жаш алыптыр

"Сиздерге маек бергенден бери мени тажатышты. Ал эми командабыз жеңгенден соң биринчи эле "эми качан тойго барабыз?" деп сурай башташты", — деди ал.

Ситора мурда сөз бергендей эле турмушка чыгарын айтты.

"Чынын айтсам, тоюмдун убакыт-сааты өзүм үчүн дагы сюрприз болот болушу керек. Өзүмө дагы тойдун боло турган жери жана убактысы боюнча айтыша элек", — деп мойнуна алды кавээнчи.

  • Азия MIX командасынын мүчөсү Ситора Фармонова команданын жогорку лигадагы жеңишинен кийин турмушка чыгарын убадалагандай эле жакын арада ак жоолук салына турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
    "Азия MIX" командасынын мүчөсү Ситора Фармонова команданын жогорку лигадагы жеңишинен кийин турмушка чыгарын убадалагандай эле жакын арада ак жоолук салына турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
    © Фото / предоставлено Ситорой Фармоновой
  • Жума күнү Азия MIX командасы жогорку лиганын финалында жеңишке жетип, 2016-жылдын чемпиону аталган.
    Жума күнү "Азия MIX" командасы жогорку лиганын финалында жеңишке жетип, 2016-жылдын чемпиону аталган.
    © Фото / Миртохир Гулямов
1 / 2
© Фото / предоставлено Ситорой Фармоновой
"Азия MIX" командасынын мүчөсү Ситора Фармонова команданын жогорку лигадагы жеңишинен кийин турмушка чыгарын убадалагандай эле жакын арада ак жоолук салына турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Финалдык оюнда баш байге үчүн "Азия MIX", Спарта" (Астана), "Радио Свобода" (Ярославль), Мурманск шаары жана Москва циркинин курама командалары ат салышкан.

Үч сынактын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык команда — 10,9, "Спарта" — 10,6, Мурманск курамасы — 10,4, Москва циркинин курамасы — 10,2, "Радио Свобода" — 9,5 упай топтошкон.

Тема:
"Азия MIX" командасынын жеңиши (22)

Тема боюнча

Ситора: турмушка "Азия MIX" чемпион болгондон кийин гана чыгам
Атамбаев: "Азия MIX" командасынын жеңиши кыргыз элине жаңы жылдык белек болду
"Азия MIX" — чемпион! Кыргызстандык команда КВН оюнунда жеңип чыкты
Эрмек Кененсаров: "Азия MIX" күн-түн дебей оюнга камданып жатат
Белгилер:
той, жеңиш, Азия MIX, КВН, Ситора Фармонова
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ