Жаш акын Самара Насырованын китебинин бет ачаары Москвада өттү

© Фото / пресс-служба Посольства КР в РФПрезентация новых сборников поэтессы Самары Насыровой
Презентация новых сборников поэтессы Самары Насыровой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш акын Самара Насырованын ырлар жыйнактарынын бет ачаары Москва шаарында өтүп, ага элчиликтин өкүлдөрү, КРдин Жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Жылдыз Акаева жана поэзия сүйгөн мекендештер катышты.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кечээ Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде жаш акын Самара Насырованын "Тагдырган тамган тамчылар" жана "Сезимдер тополоңу" жыйнактарынын бет ачаары болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан аталган мекеме билдирди. 

Маалыматка караганда иш-чарага элчиликтин өкүлдөрү, КРдин Жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Жылдыз Акаева жана жөн гана поэзия сүйгөн мекендештер катышты. 

"Кечеге катышкандар Насырова өз ырларында адам баласынын жүрөгүндөгү сар-санааны ушунчалык жөнөкөй жана жеткиликтүү кылып бере алгандыктан, окурмандар арасында өтө тез жана жеңил кабыл алынаарын баса белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө. 

Насырова ыр жана прозалардан турган бир нече китептин автору. Анын чыгармачылыгынын негизги темасы – мекенге жана эне тилине болгон сүйүү. 

Учурда Самара Насырова Москва шаарында жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0