Филипп Киркоров Бишкек шаарында концерт берет

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиялык ырчы Филипп Киркоровдун архивдик сүрөтү
Россиялык ырчы Филипп Киркоровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчынын "Я" аттуу концерти 24-февраль күнү Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россиялык ырчы Филипп Киркоров Бишкек шаарына концерт менен келет. Бул тууралуу ырчынын продакшн компаниясы билдирди. 

Ырчынын "Я" аттуу концерти 24-февраль күнү Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү. 

Киркоровдун концертин уюштурууга жардам берип жаткан Бишкектеги компания өзгөчө шоу концерт болорун кошумчалады.

"Заманбап техника, 3D-графика фонтан жана лифттер коюлуп, жүздөгөн костюмдар кийилет. Бишкектиктер 2,5 саат өзгөчө шоуго күбө болот", — деп жазылат маалыматта. 

Концертти атактуу режиссер Франко Драгоне коюп, бийчилерди Киркоров жеке өзү тандаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0