КРдин бийчилери эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болушту

© пресс-служба ФТС КРКыргызстандык бийчилер Артем Семеренко жана Валерия Качалко. Архив
Кыргызстандык бийчилер Артем Семеренко жана Валерия Качалко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык өнөрпоздор "Baltic Grand Prix-2016" эл аралык турниринде күмүш медалга ээ болду. Аталган иш-чара 16-18-декабрда Ригада (Латвия) өткөн.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандык бийчилер Ригада өткөн эл аралык турнирде күмүш медалга татыганын КРдин Бий спорту боюнча федерациясы билдирди.

Азия MIX КВН командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрмек Кененсаров: "Азия MIX" күн-түн дебей оюнга камданып жатат
Маалыматка ылайык, чоңдор арасында WDSF International Open категориясы боюнча Артем Семеренко жана Валерия Качалко күмүш медалга ээ болушту. Бул категория боюнча 20 өлкөдөн келген 59 жуп ат салышкан.

Ал эми турнирдин алкагында латиноамерикалык программа боюнча жаштардын дүйнөлүк чемпионаты болуп өттү. Кыргызстандын атынан ага Кайрат Алгадаев жана Елизавета Макарова, ошондой эле Рустам Резванов жана Анастасия Зуева катышты.

Аталган турнир жыл сайын дүйнөнүн көптөгөн мыкты бийчилерин чогултуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0