Бишкекте киночулардын 23-курултайы өтөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада Кыргызстан кинематографисттер тармагындагы бир катар маселелер талкууланат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Декабрь айынын соңунда Кыргызстан кинематографисттер бирикмесинин 23-курултайы өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

25-декабрда өтө турган иш-чарада биримдиктин 2016-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет угулуп, башкармалык менен текшерүүчү комиссиянын курамы шайланат. Бирикмеге жаңы мүчөлөр кабыл алынат. 

Андан сырткары, Кыргызстан кинематография тармагындагы башка маселелер да талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0