Кыргыз бийчилери Москвада өткөн турнирде алтын медалдуу болушту

© Фото / пресс-служба Федерации танцевального спорта КРКыргыз спортчулар Артем Семеренко менен Валерия Качалко Москва шаарында өткөн "Спартак-2016" эл аралык турниринде
Кыргыз спортчулар Артем Семеренко менен Валерия Качалко Москва шаарында өткөн Спартак-2016 эл аралык турниринде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоңдор арасында латина категориясында бийлеген Артем Семеренко менен Валерия Качалко финалда биринчи орунду ээледи.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргыз спортчулары Москва шаарында өткөн "Спартак-2016" эл аралык турниринде жеңишке жетишти. Бул тууралуу КРдин Бий спорту федерациясынан билдиришти. 

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев "Голос" шоусунун жарым финалына чыкты
Маалыматта айтылгандай 10-11-декабрь күндөрү Москвада спорттук бий боюнча XXI International Spartak Cup Dancesport Championship- 2016 турнири өттү. Ага Франция, Испания, Белоруссия жана Россия сыяктуу өлкөлөр катышып, 98 жуп күч сынашты. 

Турнирге кыргызстандык спортчулар дагы катышып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. 

Чоңдор арасында латина категориясында бийлеген Артем Семеренко менен Валерия Качалко финалда биринчи орунду ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0