Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар 12-декабрда көрсөтүлөт

© Фото / Александр ФедоровУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
DVD-коллекция Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кинематография департаментинин биргелешкен долбоору болуп саналат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын "Айтматов жана кино" деп аталган DVD-коллекциясынын бет ачары 12-декабрда Кино үйүндө тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, иш-чара Тарых жана маданият жылына, ошондой эле кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналып, Айтматовдун туулган күнүнө белгиленген. 

"Коллекцияга жазуучунун "Жамиля", "Эрте келген турналар", "Ашуу", "Кылым карытар бир күн", "Гүлсарат" чыгармалары боюнча тартылган сегиз тасма кирген", — деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, бет ачар азем Кино үйүндө өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0