Элдик таланттардын мыктылары аныкталат

Жазылуу
9-декабрдагы гала-концертте элдик таланттардын эң мыктылары аныкталып, белектер ыйгарылат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында 8-9-декабрь күнү "Эл ичи — өнөр кенчи" аттуу республикалык кароо сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Жети күндүк Манас айтуу иш-чарасы концерт менен жыйынтыкталды - Sputnik Кыргызстан
Жети күндүк "Манас" айтуу иш-чарасы концерт менен жыйынтыкталды
Бул конкурсту өткөрүү үчүн министрлик тарабынан эки миллион сом каралган.

Белгилей кетсек, 8-декабрда Кыргызстандын түндүк аймагы боюнча кароо сынактын тандоо туру өтөт. Буга чейин тандоо туру өлкөнүн түштүк аймагында өткөрүлгөн болчу.

9-декабрдагы гала-концертте элдик таланттардын эң мыктылары аныкталып, белектер ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0