Аяна Касымова: жигиттер жазган кат түз эле апамдын телефонуна барат

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аянага ашык болгон жигиттердин каттарын эмне себептен апасы окуй турганын жана социалдык тармактарда кантип популярдуу болуу керек экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Миңбаева ырчынын өзүнөн билип көрдү.

Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Урмат менен Неля: биздин чөйрөдө бирөөнүн курмандыгы болуп калышың толук мүмкүн
Алгач Аяна Касымованы өзүн кесипкөй сезген шоу-бизнестин катардагы өкүлү деп ойлоп жаткам. Бирок редакцияга 17 жаштагы жөнөкөй кыз апасы менен кирип келди. Ал буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ыктыярчы катары кызмат кылып, Россиянын "Артист" сынагына катышууга жетишкен кыйла тажрыйбалуу аткаруучу экенине карабастан алдымда өспүрүм отурганын эстен чыгарбай сөздөрүмдү "ылгап" жаттым. 

— Менин мурдагы жетекчим ар дайым эртең менен "Сүрөтүңө" деген ырды коюп алып сиз менен жарыша ырдачу. Негизи композицияларыңызды бирөө аткарып жатса кандай кабыл аласыз? 

— Ырларымды көбүнчө кичинекей балдар ырдап жүргөнүн угам. Видеолорун социалдык тармак аркылуу мага жиберип турушат. Аларды баракчамдан көрсөңүздөр болот. 

— Кичинекей балдардын ырдаганы, албетте, сонун. Бирок чоң эле адамдар ырдап жатса "кап, туура эмес ырдап жатат" деп калбайсызбы? 

— Мен угармандарымдын бардыгын алардын жаш курагына карабастан жакшы көрөм. Алар менин ырларымды аткарып жатса кубанам. Башкысы — мен ырды ийнине жеткире ырдасам болду. Калгандар өзү каалагандай ырдаганга акылуу. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАяна Касымова: мен угармандарымдын бардыгын алардын жаш курагына карабастан жакшы көрөм. Алар менин ырларымды аткарып жатса кубанам. Башкысы — мен ырды ийнине жеткире ырдасам болду. Калгандар өзү каалагандай ырдаганга акылуу
Певица Аяна Касымова - Sputnik Кыргызстан
Аяна Касымова: мен угармандарымдын бардыгын алардын жаш курагына карабастан жакшы көрөм. Алар менин ырларымды аткарып жатса кубанам. Башкысы — мен ырды ийнине жеткире ырдасам болду. Калгандар өзү каалагандай ырдаганга акылуу

— Сиздин ата-энеңиз музыкалык чөйрөдө эмгектенип келишет. Бул сиздин төрт жашыңыздан тарта сахнага чыгууңузга өбөлгө түзсө керек… Мындан улам "тааныштардын арты менен аты чыкты" деген сөз уккан жоксузбу? 

КР Эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын көкүрөк күчү Малика-Дина маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Малика-Дина Акулова: өз жолумду тандадым деп ишенимдүү айта алам
— Кээде угуп калам, бирок… Ата-энем мени сахнага чыгаруу үчүн эч бир байланышын колдонгон эмес. Мен атактуу болууну деле каалаган эмесмин. Болгону жактырган ишим менен алектенип келем. Атымды чыгаруу үчүн атайын чоң күч жумшаган деле жокмун. 

Мен өзүмдүн биринчи каверимди жаздырып (башка бирөөнүн чыгармасын аткаруу — ред.) YouTube каналына киргизип койгом. Ал үй-бүлөлүк архив үчүн гана тартылган болчу. Бирок беш күндөн кийин ал видео бардык социалдык тармактарга жайылып кеткенин байкадым. 

— Баракчаңызга катталгандардын саны 262 миңден ашып кетиптир. 2-3 миң катталуучуга жетпей жүргөн кыздарды көп эле билем. Кантип популярдуу болдуңуз? 

— Катталуучулардын санын атайын көбөйтүп жатасызбы деген суроолор көп берилет. Жок! Мен ал үчүн күч жумшабайм деле. Болгону күнүмдүк сүрөттөрүмдү жүктөп коем. Алар элдикиндей эле сүрөттөр…

— Дагы бир инстагарм-жылдызы Айжан Асемова сүрөттөрдү иштеп чыгуу үчүн атайын программаларды сатып алганын айткан эле. Сиз дагы ошондой нерселерди колдоносузбу? 

— Менде андай программа жок. Жакшы тартылган кадрларды гана киргизем. 

© предоставлено Аяной КасымовойАяна атасы Айзар Касымов менен
1/2
Аяна атасы Айзар Касымов менен
© Sputnik / Табылды КадырбековАяна жылдыздар арасы уюштурулган кол күрөш иш-чарасында
2/2
Аяна жылдыздар арасы уюштурулган кол күрөш иш-чарасында
1/2
Аяна атасы Айзар Касымов менен
2/2
Аяна жылдыздар арасы уюштурулган кол күрөш иш-чарасында

— Жагымсыз сөздөрдү жазгандарга кандай реакция жасайсыз?

Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Жийдеш Идирисова: мен Нюшаны туурабайм!
— Карьеранын башталышында ар бир сөздү жүрөгүмө жакын кабыл алып ыйлачумун. Апам жоошутууга аракет жасачу… Эми жылмайып гана тим болом. Ушунчалык жаман сөздөрдү кантип жазышат деп таң калып да кетем. Айрымдар кемсинткен сөздөрдү жазышат. Кээ бирлер пластикалык операциянын жардамы менен келбетимди өзгөртүп алганымды жазып чыгышты. Бул адамдар мага убактыларын кетирип жатканы абдан өкүнүчтүү. Мындай ою жамандарды баракчадан өчүрүп салып, ыплас нерседен арылам. 

— Сиз менен баарлашуу үчүн убакыт табуу кыйындык жаратты. Окуудан деги бошободуңуз. Студент үчүн сабакка барбай коюу майрам деп ойлочумун. Сиз болсо катуу окуйт окшойсуз? 

— Мен эл аралык "Ататүрк — Ала-Тоо" университетинде билим алам. Анда талаптар катуу коюлган. Сабактан качып кетүү кыйын. Баса, мен экономика жана башкаруу факультетинде окуйм. 

— Экономикалык билимдин сизге эмне кереги бар? Тойлордон башталгыч экономисттин түшүнө кирбеген акчаларды тапсаңыз керек…

— Менин окуум так илим эмес, көбүнчө эл аралык мамилелерге жакын. Университетти бүткөндө балким дипломат болормун. Өмүр бою тойдон акча таап жашагым келбейт. Негизинен эле майрамдык кечелерге катышканды жактырбайм. Себеби андай жактарда сага эч ким көңүл бурбайт. Кол да чабышпайт. Бардыгы тамакка алаксышат. 

— II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролигине тартылдыңыз. Бул ар бир артист үчүн чоң сыймык болсо керек. Долбоорго кантип кирип калдыңыз? 

— Уюштуруучулар чакырышкан. Телефон чалып, мен туура келип жатканымды айтышты. Дароо эле макул болдум. Тартылууга бир күн кетти. Топ кыздар менен биргеликте тигүүчүлүк менен алектенип жаткандай түр көрсөттүк. 

— Кызык бекен?

— Ооба, бизге тигүүчүлүктү кадимкидей үйрөтүштү. 

Эстрадный исполнитель Гулжигит Калыков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Калыков: атамдан тартынып сахнада ачылып бийлей албай жүрөм
— Курбу кызы менен кофе ичип жигиттер тууралуу кеп кылууга убакыт тапкан жөнөкөй кыздардын жашоосуна кызыккан учурларыңыз болду беле? 

— Чынын айтканда, кээде жөнөкөй адам катары жашагым келет. Себеби сабак менен чыгармачылык көп убакытты алып, адамды чарчатып жиберет. Бир жолу Инстагармга такыр кирбей калгам. Тынчтыкты каалап калган элем. 

— Анан? Чыдадыңызбы? 

— "Аяна кайда? Ага эмне болду?" деп жаза башташты. Ошондо кайра байланышка чыгууга туура келди. Инстаграмы жок беш күн абдан сонун өткөн. 

— Группалаштарыңыз сиздин популярдуулугуңузга кандай мамиле жасашат? 

— Университетке жаңы келгенде өзүмдү башкача сезип жүрдүм. Айланамдагылардын баары мен тууралуу кеп кылып жаткандай эле сезилди. Колдору менен көрсөтүп, четтеп турушту. Бир күнү мүмкүнчүлүктөн пайдалануу менен залдын сахнасына чыгып "Достор, менден коркпогула! Мен кадимкидей эле адаммын" деп айткам. Андан эки ай өткөндөн кийин көнүп калышты. 

— Тийишкен жигиттер да көп болсо керек? 

— Инстаграмдагы баракчама апамдын телефону жазылган. Ал номурга дээрлик күн сайын каттар келип турат. Көбүнчө ыр саптары келет. Бул албетте жагымдуу. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАяна Касымова: майрамдык кечелерге катышканды жактырбайм. Себеби андай жактарда сага эч ким көңүл бурбайт. Кол да чабышпайт. Бардыгы тамакка алаксышат
Певица Аяна Касымова - Sputnik Кыргызстан
Аяна Касымова: майрамдык кечелерге катышканды жактырбайм. Себеби андай жактарда сага эч ким көңүл бурбайт. Кол да чабышпайт. Бардыгы тамакка алаксышат

— Сиздин жүрөгүңүздү багындыруу үчүн жигиттер кандай кадамдарды жасашы керек? 

— Канчалык ишенимсиз угулса да акчага маани бербейм деп айткым келет. Мен үчүн адамдын ички дүйнөсү башкы орунда. Ал боорукер, жарык адам болушу керек. Ал эми жашоого керектүү каражатты өзүм деле таап алам. 

— Өзүңүздү беш жылдан кийин кандай көрөсүз? 

— Ал убакта үй-бүлөлүү болуп калам го. Кыз киши үй-бүлө куруп балалуу болуу үчүн жаралат эмеспи. Келечекте үй-бүлө менен карьераны бирдей алып кетүүгө аракет жасайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0